Казакстанда терроризмге шектелип кармалган кыргыз жаранынын маселеси боюнча пикирин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасына жазды. 

"Урматтуу мекендештер!

Казакстанда болуп өткөн башаламандыктарга бир жактуу пропаганда аркылуу Кыргыз коомчулугун күнөөлөгө болгон аракетти жокко чыгаруу биздин милдет. Себеби, чындыгында Кыргызстандан эч кандай атайын даярдыктагы адамдар коңшу мамлекетке өтүп, башаламандык уюштурууга катышкан эмес! Мүмкүн кээ бир мекендештерибиз ар түрдүү жагдайларда аралашып калышы ыктымал, бирок эч кандай «террорист» болушу мүмкүн эмес!

Ошондуктан, Жапайы Армандын сөзү, В.Рузахуновду сүйлөткөндөрү баары жасалма, жалган маалыматтар, дүйнөлүк коомчулук жана биздин боордош Казак элибиз билиши керек, Кыргыз эли Казакстан мамлекетине тынчтык, бакыбаттуулук жана биримдик каалайт!" - деди Ташиев. 

Эске салсак, Казакстандын күч түзүмдөрү кыргызстандык Викрам Рузахунов аттуу жарандын өлкөдөгү башаламандыкка катышканы тууралуу маалымат таратышкан. Ошондой эле, жаран Кыргызстандан Казакстанга атайын тополоңго катышуу үчүн келгенин жана акысына 200 доллар алууга макул болгонун билдиришкен. Бул боюнча Рузахунов өз оозу менен айткан видеону Алматыдагы телеканалдардын бири көрсөткөн. Бирок анда жарандын башы-көзү жарылып, катуу токмок жегени билинип турат. 

Викрам Рузахунов «Джаз_Бишкек_Весна» фестивалынын аткаруучу директору, пианист жана аранжировщик. Анын жакындарынын айтымында, Викрам Алматыга концерттик программаны алып баруу үчүн кеткен. Учакка билет өткөн жылдын 16-декабрында сатылып алынган жана музыкант 2-январда учуп кеткен. 

Кыргыз жаранын акча алып, тополоңго катышуу үчүн атайын Алматыга учуп баргандай кылып көрсөткүсү келип жаткан маалыматтарды, ал туш болгон жагдайды эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги менен Ички иштер министрлиги биргеликте иликтемей болушту.