Викрам Рузахунов террорист эмес экенин анык билебиз, ал мындай кылмышка айыпталып жоопко тартылбашы керек. Мындай пикирин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына бир нече адам музыкант Викрам Рузахуновдун Алматыда кармалганы боюнча нааразычылык акциясын өткөрдү. Алар чогулган жерге Ташиев барды.
"Викрам Рузахунов террорист катары жоопко тартылбашы керек. Бул боюнча атайын кызмат жана ТИМ иш алып барууда. Биз казак кесиптештерибиз менен да байланышып, маалымат бердик. Коомчулук билиш үчүн ал маалыматты сиздерге да жеткирип коёюн деп келдим. Коңшу өлкө биздин жаранды терроризмге айыптап жатканда жөн отурбайбыз. Эгер керек болсо, биз биргеликте иликтөө жүргүзүүгө даярбыз. Тергөө тобун, адистерди жиберип жараныбызды бүт жактан коргойбуз. Рузахунов мурда бир дагы башаламандыктарга аралашпаганын аныктадык. Кокусунан ал террорист болуп калбайт", — деди Ташиев.
Ошондой эле, ал Казакстандын мамлекеттик телеканалдары туура эмес маалымат таратып жатканын, атайын кызматтар иликтөөнүн риторикасын өзгөртүшү керектигин белгиледи.
"Биздин жаранды терроризмге айыптаганы туура эмес. Менин УКМК төрагасы катары айтарым, биздин өлкөдө эч кандай террорист жок. Эгер чыга турган болсо, тийиштүү чараларды колдонобуз. Казакстанда мурдатан иштеп жүргөн кыргызстандыктар митингге аралашып калышы мүмкүн. Бирок андай фактылар тууралуу да расмий түрдө эч кандай тастыктоо жок. Мен атайын кызматтын башчысы катары айтып коёюн, кандайдыр бир иштерди жасоо үчүн Кыргызстандан коңшу өлкөгө террористтер кирип барды дегени туура эмес, андай болбойт дагы", — деди УКМК төрагасы.
Белгилей кетсек, Казакстандын Qazaqstan мамлекеттик телеканалы бүгүн, 9-январда, митингдерге катышуу үчүн Кыргызстандан барды делген жарандын сурак берип жаткан видеосун жарыялады. Ал берген көрсөтмөсүндө белгисиз адамдар митингдерге катышуу үчүн 90 миң теңге сунуштап чакырып, самолетко билетин алып берип, батирге жайгаштырганын билдирген.