Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан Кыргызстандын жарандарын аталган шаардан алып чыгуу үчүн автобус уюштурулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Казакстандагы акыркы окуяларга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мекендештерге консулдук-укуктук жардам көрсөтүү ишинин алкагында Кыргызстандын жарандарын кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө пункттары аркылуу эвакуациялоо иштерин жүзөгө ашырууда.
Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан жарандарды эвакуациялоого кеткен чыгымдардын баары төлөнүп, азыркы кезде жарандар “Ак-жол” көзөмөл-өткөрмө пунктуна карай багыт алышууда.
Аталган жайдан Кыргызстандын жарандарын ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин кызматкерлери тосуп алып, керектүү жардам көрсөтүшөт.
Министрлик Казакстандын аймагындагы мекендештерди өлкөнүн мыйзамдарын жана эрежелерин туура сактап, чагымчылдыкка алдырбай, акцияларга катышпоого, жашаган жеринен алыс чыкпоого чакырат.
КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти:
+996 551 312 000 — ыкчам байланыш номери;
+996 555 007 626;
+996 708 52 21 37;
+996 707 989 895;
+996 709 983 465.
КРнын Нур-Султан шаарындагы элчилиги:
+7 (776) 124-88-33;
+7 777 4733009.
КРнын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу:
+7 777 8150072 Кайрат Жакыпов;
+7 777 0371448 Гульзат Абдурасулова;
+7 777 0275596 Жаркынай Сансызбаева;
+7 775 4634295 Медер Сапаралиев.
Булак: Маралфм