Акүй алдында өтүп жаткан митинг учурунда депутат Эрулан Көкүлов журналисттердин "таламайында" калды. Ага Жогорку Кеңештин Казакстанга аскер жиберүү боюнча карап жаткан маселесинде кандай позицияны карманаары тууралуу суроо берилип, бирок так жооп алынган жок. 

"Менин позициям бар, бирок азыр эч нерсе айтпайм. Силер сыяктуу көп нерсени билбейм. Кырдаалга жараша анан жообумду берем. "Уважаемый" элдерим бар, ошолор менен кеңешип анан..." - деди эл өкүлү. 

"Сен элди бөлбө да, уважаемый анан не уважаемый кылып, демек биз не уважаемый экенбиз да!" - депутаттын жогоруда айтканына журналисттер тараптан жооп ушундай болду. 

"Маалыматтарды окуп жатасыз да, пикириңиз кандай болуп жатат? Казакстанга аскер жиберүүгө макулсузбу же жокпу? Ошону эле айтыңыз?" - дегенге дагы Көкүлов так оюн айта албады. 

"Позициям бар. Сөзсүз айтыш керекпи? Эмнеге? Мен жооп бербейм деген жокмун да. Маселе каралсын, анан ошого жараша айтылат. Силерге дагы бир жолу айтып жатам, мен бул жерден эч нерсе дей албайм, бирдеме деп койсом анан Эрулан антти, Эрулан минтти деп интернетке чыгарасыңар, "хайп" болгум келбейт", - деп кутулду депутат.