Кыргызстандыктар бул жыл кантип өткөнүн деле билбей калгандай болдук. 2021-жыл өлкө тагдырына таасир берчү маанилүү окуяларга бай болду. Көңүл калтырган да, кубанткан да жагдайлар орун алды. “Алтын башың аман болсо, алтын аяктан суу ичесиң” деген сөз бар. Эң негизгиси, эсенчиликте эски жылды узатып, Жаңы жылды тосуу камылгасын көрүүдөбүз.

“Саясат. kg” маалымат порталы кыргызстандыктарды Жаңы 2022-жылы менен куттуктайт! “Кемеге түшкөндүн жаны бирге”, сиз менен биздин келечегибиз мекенибиз Кыргызстан менен тыгыз байланыштуу. Ошондуктан, биринчи кезекте гүлдөгөн, бакыбат өлкөнүн жарандары болушуңуздарды каалайбыз! Андан кийин мамлекеттин ичиндеги ар бир чакан мамлекеттер – үй-бүлөлөргө дайыма түндүгү бийик көтөрүлүп, очогунда от жайнап турушун тилейбиз!

Акыркы жылдары өзгөргөн коомчулукка туш болуп, баарыбыз ошол коомчулуктун өкүлүнө айландык. Мээрим, сүйүү, ишеним азайып, каардуулук, оройлук кулачын кенен жайды. Адамдардын жүзүнөн жылмаюуну сейрек көрүп калдык. 2022-жыл бизге мээрим менен ишенимди беришин тилейбиз. Бири бирине аяр мамиле жасаган, жандүйнөсү мээримге, сүйүүгө толуп, көздөрүнөн бакыт көрүнүп, ууртунан жылмаюу кетпеген эли бар Кыргызстандуу болгубуз келет!

Жаңырган жыл жаңычылдыктарды ала келсин! Жаңычылдык жашообузду жакшы нукка бурсун! Жаратканым жакшылыгын ыроолосун! Асманыбыз ачык, жерибиз тынч болсун! Жүрөгүбүзгө жылуулук орносун!

Жаңы жылыңыздар менен!