- Кыргызстандын демилгеси менен 16-декабрда БУУ 2022-жылды “Эл аралык тоолор жылы” деп жарыялады. Демек, дүйнөлүк коомчулук президенттин демилгесин колдоого алдыбы?
- Дүйнөдө тоо, климаттык жылуулук көйгөйлөрү, экология маселеси бар. Ошон үчүн Кыргызстандын сунушу колдоо тапты.
- Мунун Кыргызстан үчүн пайдасы барбы?
- Ооба, туура иш жүргүзсө пайдасы чоң болот.
- Узап бараткан жылдагы кайсы окуя эсиңизде калды?
- Балбан кыздарыбыздын жеңиши эсте калды.
- 2021 сиз үчүн кандай жыл болду?
- Шүгүр, жаман жыл болгон жок.
Булак: "МАЙДАН.kg" гезити