- Кечээ Түштүк окуясына байланыштуу кылмыш иши козголуп, Убактылуу Өкмөттүн үч мүчөсү суракка алыныптыр. Бул өч алуу эмеспи?
- 2010-жылкы апрель окуялары боюнча убактылуу өкмөт мүчөлөрүн суракка чакырганы туура болду. Кеңешбек Дүйшөбаев, Өмүрбек Текебаевдан башка Роза Отунбаева баштаган 12 мүчөсүн суракка алыш керек. Суракка алууну өч алуу деп түшүнбөш керек. Апрель окуясында 87 бала каза болуп, миңдейи жаракат алган. Июнь окуясында 500дөй киши өлүп, миңдеген адамдар жаракат алган. Ак караны териштирбей туруп ал окуяларды жаап койсо сасыйт, буруксуйт. Ошол нерселер эле мамлекетти чиритет. Убактылуу өкмөттүн он чакты мүчөсүнө иш козгосо, стабилдүүлүккө шек келет деп корко бербеш керек. Анда биздин эмнебиз эл? Акыйкаттын жүзүн ача албасак эмнебиз мамлекет?
- Эми Убактылуу Өкмөттүн тарапташтары менен шайлоодо ийгиликке жетпей калган партиялар биригип, стабилдүүлүккө шек келтирип жиберишпейби?
- Бу сапар коомчулуктун, шайлоочулардын азыркы саясый процесстерге, шайлоолорго салмак менен карап калганына баарыбыз күбө болдук. Революция, митинг, пикет өлкө турмушуна пайда бербесин эл түшүнүп, анча-мынча бийликке жутунган топтордун үндөөсүнө, провокациясына алдырбасын Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү, шайлоодо утулуп калган партия лидерлери дагы байкады. Ал партиялар арты таза эмес, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн тергөөдөн коргоп калалы деп баштарын сайып, акчаларын чача берчүлөрдөн эмес. Элди көтөргөнгө батынышпайт.
- 2010-жылдагы кандуу окуя боюнча кылмыш ишин козгоо Убактылуу өкмөттүн оозун жабуу аракетиби же бийликтин эл алдындагы убадасын аткарганыбы?
- Азыркы бийлик 2010- жылкы апрель, июнь окуялары боюнча тергөө ишин баштап атканын бир ок менен эки коён атууга салыштырсак болот. Биринчиден, апрель, июнь окуяларында бийликке келген Убактылуу Өкмөттүн айынан 87 бала каза болгон. Июнь окуясында 500дөй каза болду. Эл кара жолтой Убактылуу Өкмөтчүлөргө нааразы болуп келди. Тергөө ишин баштагандары акыйкат. Элдин дагы көксүнү сууш керек. Бул бир. Экинчиси бийлик бул арактеи менен оппоненттеринен арылат. Аны көрүп турган жетиле элек оппозициянын жүрөгүнүн үшүн алат.
Булак: "МАЙДАН.kg" гезити