- Бейшенбек агай, 2010-жылдагы кандуу окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталганы маалым болду. Ал ишке кайрылыштын кажети бар беле?
- Ар ким кылган иши үчүн эртели-кеч жооп бериши керек. Кандуу коогалаңда 500 жаран каза болду, жарадар ал турсун өлүү тирүүсү билинбей дайыны чыкпай калгандар да болду. Кыскасы, өтө чоң кайгылуу окуя, кан төгүү болду. Бирок, 500 жаран каза болсо да бир да эл башкаруучулар жооп берген жок. Ошончо кишинин өлүмү ит өлгөндөй да болгон жок. 2-3 жыл мурда Бишкектин жашоочусу кошунасынын итин өлтүрүп алып, жоопко тартылып соттолгон. 500 жарандын өлүмү бир итчелик да болгон жок.
- Бирок, 2010-жылдагы окуяга кайрылып. кылмыш ишин козгогонун бийликтин өч алуу саясаты катары баалап жаткандар да бар го?
- Бул өч алуу, оозун жабуу эмес. Бул нерсе келечектеги бийликке келе тургандарга сабак болушу керек. Төңкөрүш менен бийликке келем дегендердин да эсинде болушу шарт. 30 жылда 3 төңкөрүш болду. Булардын абалы канчалык деп кошуна тажик кол салды. Эсибизге келбесек, эмкиде ЧУКЧАЛАР да кол салат. Ошон үчүн акылыбызга келип, мамлекетти өнүктүрүүнүн жолун табышыбыз керек. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн биригип, пайдалуу иштер менен алек болушубуз керек. Эң негизгиси мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгын жогору коюшубуз керек.
Булак: "МАЙДАН.kg" гезити