- Калдарбек агай, 2010-жылдагы каргашалуу Түштүк окуясы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталыптыр. Убактылуу Өкмөттүн үч мүчөсү сурак беришиптир. Бул маселеге чекит коёбуз деп бийлик абалды татаалдаштырып албайбы?
- Эртеби-кечпи Ош коогалаңы тараза ташына салынып, электен эленмек... Кылмыш иши тууралуу сөз жаңы бийлик келип келбей эле ырасмий айтканы бар. Сыягы, убакыт-сааты эми келди. Анткени, тымызын коюлган миналар акырын... аерден-биерден жарылымыш болуп отуруп, бийликтин канатын сындыруу ордун, кайра курчутуп алышты. 500дөн ашуун адамдын өлүмү... кыйраган шаар... көз көрүнөө чыккынчылык... Убактылуу Өкмөттүн, Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин көз жумушун элдин жүрөгүндө так болуп калганын унутпайлы. Ал эч качан унутулбайт. Тергөө ала кушту атынан атап, ийне-жибине чейин иликтеп, мончоктой тизип, окуянын түпкүрүнө чейин аныктап, кара кылды как жарышы гана элди жибитээрин унутпайлы. Колунда акчасы бар Убактылуу Өкөмөттүн “баатырлары” кандай гана айла кылбасын, кечээки иттиги үчүн бүгүн мойну менен жооп бериши керек. Эгерде алар кандайдыр бир чыр чыгарууга бел байлашса, анда өздөрүнөн көрүшсүн. Бүгүн короодо 2010-жыл эмес, кырдаал таптакыр башкача. Элдин көз карашы да түбүнөн өзгөргөн.
- Айрым адамдар Убактылуу Өкмөткө кылмыш ишин козгобой эле, парламентти бекитип, бийлик толук кандуу ишке киришсе болмок. Эми шайлоодо мандатка ээ болбой калгандар менен Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү биригип, бийликке чабуул кылышса, бийликке чоң сокку урулат деген ойлорду кыйыта башташты. Бул боюнча кандай пикирдесиз?
- Бул эми ошол талдоочулардын иллюзиясы гана... Анткени, талдоочулар бейтарап ой-пикир жүгүртүүдөн алыстап, бир тараптуу көчө эрежесин катуу өздөштүрүп алышкан. Мезгил ошого үйрөттү да, пулуң болсо-кулуңмун. Карабайсыңарбы, кара кылды как жаруунун ордуна бири президентке котур ташын ыргытса, экинчиси кечээки жегичтерди актоо үчүн жанын сабайт. Ушу кантип болсун. Оппозиция бол, каршы агым менен ак, сойулуңду алып чурка, сөз эркиндиги да бар, эч ким бутун тоспойт. Болгону баары мыйзамдын айланасында гана... Туруктуулукту бузуу үчүн революциялык жагдайдын кереги деле жоктугун көрсөткөн үч жолку төңкөрүштөй эле төңкөрүш жасайбыз деген жомокко ишенип алышкандай. Бу курдай Ак үйдү эмес, Көк үйдү басып алсаң да этегиңи айрып эле салышат... Балким, мына ушундай бир аракет болгону деле жакшыдыр, люстрацияга шыдыр жол ачылмак...
- Бийлик 2010-жылдагы кандуу окуя боюнча кылмыш ишин Убактылуу Өкмөттү коркутуу үчүн ачып жаткан жокпу?
- Убактылуу Өкмөттүн үстүнөн кылмыш ишинин козголушу бул элдик бийликтин парзы. Кандуу окуяны иликтейм деп убада берүүнүн өзү апендичилик. Анткени, кылмышты ошол элине жасап жатпайбы. Элдик бийлик болгон соң аны убада бердим эле, аткарайын дегенден алыс болуп, адилеттикти орнотуу үчүн бул ишти кынтыксыз жүзөгө ашыруу учурдун зарыл талабы. Кала берсе, эртең эле бийлик Акаевдин буйругун аткарып киришти деп да чыгышы мүмкүн. Ал келип кетпедиби. Кылдан кыйкым таап жаткандар учурда жанын деле биротоло жеп салышат. Ал эми партияларга келсек, деги бизде партия деген гана аты бар, заты жок бирдемелер. Бүгүн бар, эртең жок. Бир кездерде эгерде партияларды жоюп салышпаса, партиялар партиялык түзүлүш дегенди бекемдеп, жер-жерлердеги баштапкы уюмдары менен чыңалып алса, анда иш башкача болмок. Нааразычылыктарды жаратуу бир канчага жеңил болмок... Бизде Ак үйдү басып алып эле төңкөрүш деп тактыга умтулуп келишпедиби. Бүгүн Ак үйдүн курчоосун алып салды, “бассаң басып ал” дегендей. Бул да бир белги. Кокустан мына ушундай аракеттерди кара күчтөр баштаган болсо....орустар айтмакчы “мало не покажется!”
- Калдарбек агай, Президенттин демилгесин эске алып, БУУ 2022-жылды “Эл аралык тоолор жылы” деп жарыялады. Бул нерсе дүйнөлүк коомчулук кыргыз бийлиги менен эсептеше баштадыбы?
- Тоо мүнөз кыргызым үчүн мындай бүтүм көктөн жылдыз үзгөндөй эле таасир калтырды. Тоолор деп соккон жүрөктөгү тоолордун кубанычын, кайгы-капасын бир билсе кыргыз билет. Албетте, ааламдашкан заманда 2022-жылдын “Эл аралык тоолор жылы” деп жар кылыныш бир кылка кабыл алынбайт. Бири кайдыгер, экинчиси сүйүнүч, үчүнчүсү жөн эле... Бирок, кыргыздар үчүн бул өтө маанилүү. Кыргыз президентинин демилгесин, кайрылуусунун ара жолдо калтырбай кубаттоого алынышы жүрөктү жылытат. Демек, президенттин аброю жогорулады деген бүтүмдү чыгарсак болот. Анткени, БУУ кайсыл бир кеңсе эмес да. Ал дүйнө акылдарынын кеңсеси...
- Узап бараткан жыл кандай жыл болду? Эмнеси менен эсиңизде калды?
- Ар бир карыган жыл кандайдыр бир изин калтырып кетери маалым. Эми ар кимге ар кандай да.. Менин жеке баамымда, Жапаровдун бийлигинин “балакат” кези оор сыноодон өттү. Албетте, мүчүлүштүктөр, катачылыктар, сүрүлгөн сур булуттар, бир катар олуттуу иштерди жаратты. Бирок, кырдаалга сергек көз карашта болуу менен, ак менен караны ажыратуунун тактыгынан кескин алдыга жылуу мүмкүн эместигинен улам радикалдуу кадамдарды жасашы кечүүнү эки кечирбеди. “Кумтөр” маселесин чечүүнүн өзү чыныгы баатырлык десек болот. Бир да бийликтин тиши өтпөй, өтүшүн билсе да духу жок болгондуктан сулуу сөздөргө жетеленгени эми даана билинди. Ошондуктан “Кумтөр” жана анын айланасындагы ызы-чуулар жыл окуясы катары кала берчүдөй. Албетте, бийликтин алдыдагы иш-аракеттеринен кабарыбыз жок дечи, бирок эгерде аймактык , пенсиялык жана башка бир катар маселелерди кечеңдетпей тез ишке ашыра баштаса, 2-3 жылда кыргыз өңү кадимки кыргыз өңүндөй эле болуп калат.
Булак: "МАЙДАН.kg" гезити