Кинорежиссер Өмүрзак Төлөбеков менен маек.

- Өмүрзак Жолдошович,  сиз сценарист жана продюсер катары тартып аткан "Манастын уулу Семетей" тасмасы катуу талкууга түшүп, ар кандай сын пикирлер айтылып келатат. Кимдер каршы?

- "Манас","Семетей","Сейтек" кыргыз эли үчүн улуу, ыйык тема. Ошондон улам мен "Манаска" эмес, анын уулу Семетейди тартууну ойлогом, анан да 40 жылдан бери театрда коюлуп элге кеңири тарап сиңген пьесага кайрылгам. Анан кинонун талаптарына жараша анча-мынча көркөм кошумчаларды жасагам. Ага болбой эле ызы-чуу чыгарышты. Мында белгилеп кетүү керек, көпчүлүк эл эмес, дээрлик басымдуу калк кайра улуу темага узанганыбызга кубанып, "тартылып бүтсө көрөлү" деген ойдо. Барабанды а деп манасчылар какты. Эпостор киного айланса алардын Манас айтуусунун маанилүүлүгү төмөндөйт. Манасчылардын арасындагы Сыдыков,  бийлик тараптагы Абыкеев өңдүү менин кесиптик жана идеологиялык оппоненттерим дрижерлук кылышты.

- Тасманын жабык көрсөтүүсүнөн кийин да ар кандай пикирлер жаады.

- Жабык көрсөтүүдө мамлекеттик катчы Касманбетов, вице-премьер-министр Байсалов баш болгон бир катар аттуу-баштуу жетекчилер жана коомдук ишмерлер жылуу кабыл алышып, оң баа беришти. Айрым манасчылар менен кээ бир тарыхчылар сын айтышты.

- Негизинен кандай олуттуу доомат коюшту?

- Массовкадагы эл аз экенин айтышты, биз бул иш компьютердик графика аркылуу жасалып атканын билдирип келатабыз. Кийим-буюмдар ошол заманга ылайык келбептир дешет. Президент Жапаров таамай жооп кылды бул дооматка:"миң жыл мурда кандай кийим,  буюм болгонун силер да, биз да, эч кимибиз так билбейбиз да" деп.

Анан тигил, бул маанилүү эпизод,  персонаж кирбептир дешет. Зор эпосту 2 саатка жетпеген киного сыйдыруу мүмкүн эмес, тасмада негизги окуялар гана учкай чагылдырылды. 

- Кыскасы,  кылдан кыйкым издемей деңизчи?

- Улуу "Манастын"  улуу душмандары бар делинет. Абыке, Көбөштүн тукумдары, калмактар... Арабызда жүрүшөт. Андан тышкары мен дагы бир жагдайды байкадым.  Фейсбукта күйүп-бышып сындагандардын профилин карасаң азыркы бийлик каршылаштары. Алар Жапаровдук бийликтин ар бир олуттуу жакшы ишин көрө алышпайт.

- Сын пайдалуу делинет го. Сиздерге сын пикир жардам берген жокпу?

- Айрым талаштуу эпизоддорду өзгөрттүк. Дагы бир катар алымча-кошумчаларды жасамакчыбыз. Каалоо, тилек, сын пикир арийне, пайдалуу. Бирок, "тартпаш керек, чыгарбаш керек" деген сын эмес да, бүтүндөй улуу жумушту жокко чыгарууга жан далбас кылган душмандык. 

- Уу-дуу түшүргөн тасманы эл качан көрө алат?

- Буйруса дагы 1-2 айлык оңдоо-түзөө жумуштар бар.

- Эл аралык коомчулукка да тартууланаарын билдирдиңиз эле.

- 200 миллион жазылуучусу, демек, миллиард көрүүчүсү бар, бир канча тилде көрсөтүүчү "Netflix" эл аралык ири интернет платформасы менен кызуу иштешип атабыз. Буйруса, дүйнөлүк улуу чыгармабыз аалам аралайт деп ишенип жана тиленип турабыз!

(Сүрөттө: тасманын жабык көрсөтүүсүнөн кийин)