БШК 32 бир мандаттуу округдар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарды. Маалыматка караганда, азырынча төрт округ боюнча гана жыйынтыктар чыга элек.
Алардын бири - №21 Талас округу. Мында Бактыбек Чойбеков көп добуш алган, бирок ага карата добуш сатып алуу боюнча он чакты арыз жазылгандыктан, БШК материалдарды ИИМге текшерүү үчүн жөнөтүүгө аргасыз болгон. Эгер текшерүүдө талапкер чындап эле добуш сатып алуу менен алектенгени аныкталса, анда бул округда кайрадан шайлоо болот.
Экинчиси - №31 Чүй-Кемин округу. Мында Медетбек Саккараев жеңүүчү деп табылган. Бирок шайлоого чейин эле бул талапкердин Казакстандын жарандыгын алгандыгы жана андан баш тарта электиги тууралуу маалымат тараган. Мындан улам жеңүүчү талапкердин депутаттык тагдыры бир жактуу чечиле элек.
№30 Ысык-Ата округу боюнча депутаттыкка ат салышкан Акбөкөн Таштанбеков дагы көп добуш алып, жеңишин эми гана майрамдаарда жагымсыз окуяга кабылды. Анын элди аймакка бөлгөн видеосу интернетке тарап, мындан улам кылмыш жоопкерчилигине илинди. Эгерде сот аны күнөөлүү деп тапса, парламентти түшүндө гана көрөт.
Ал эми №29 Свердлов округу боюнча “баарына каршы” биринчи орунга чыккан. Ошондон улам кайрадан шайлоо болушу мүмкүн.
Булак: "Майдан.kg" гезити, №38 (522) 15.12.2021-жыл