- Шаирбек мырза, бири шайлоону таза өттү десе, экинчиси мыйзам бузуулар менен коштолду деп жатышат. Сиздин пикирде шайлоо кандай өттү?
- Шайлоо жеке менин пикиримде мурунку шайлоолорго салыштырмалуу бир топ түзүк өттү. Эң маанилүүсү мурдагыдай ачык-айкын административдик ресурс колдонулган жок. Мурдагыдай миллион, миллиарддар чачылып, добуштар бардык жерде сатылып алынган жок. Болгону айрым жерлерде гана эпчилдер добуш сатып алуунун жолун табышты. Ошон үчүн анча-мынча жерде акча тараткандар болду. Себеби, шайлоочуларды саясатчылар эбак эле добуш сатууга көндүрүп койгон. Ошол нерсе да кичине орун алды. Мурдагы факторлорду эске алганда шайлоо бир топ жакшы деңгээлде өттү деп моюнга алышыбыз керек. Болгону шайлоонун эки түрдүү ыкма менен өткөнү бир топ башаламандык жаратты. Айтайын дегеним, партиянын атын атаганы менен талапкерлерге туура эмес добуш берип жаңылгандар көп болду. Партиянын эле номерин эстеп калгандар добуш берүүдө партиянын номерине окшош номерлерди белгилей беришти. Бул боюнча да журналисттер да иликтөө жасашты. Кыскасы, эки башка ыкма менен өтүп, эки бюллетенге үч белги койгон да эл арасында түшүнбөстүктү жаратты. Ошондой эле шайлоого келген жарандардын дагы активдүүлүгү аз болду.
- Кол санактын жыйынтыгы менен шайлоонун жыйынтыгын таанып, Жогорку Кеңешти ишке киргизишибиз керекпи?
- Кол санактын жыйынтыгын тезирээк чыгарып, тараптарды тынчтандырбасак эл арасында бүдөмүк кептер айтылып, коомчулукта түрдүү маалыматтар тарай берет. Ага күмөн саноону жараткан БШКнын өзү болду. БШКнын техникалык даярдыгы өтө төмөн экени аныкталды. Алар ошол тобокелчиликти алдын алышы керек болчу. Же болбосо эмнеге мындай абал жаралганын коомчулукка убакытты созбой түшүндүрүшү керек эле. Булардын маалкатканы күмөн саноону ого бетер күчөттү. Тагыраагы, алардын техникалык жактан даярдыгынын төмөндүгү өтпөй калган партиялардын шайлоону жокко чыгаргыла дегенине шылтоо болду. Чынында шайлоонун жыйынтыгын тезирээк таанып, укуктук талаага тезирээк келип, Жогорку Кеңештин курамын ишке киргизбесек, мыйзам чыгаруу бутагы токтоп калды. Анын үстүнө мурдагы мөөнөтү бүткөн чакырылыштын убактысын узартпай кандай болсо да, компромисстик чечимге келип, Жогорку Кеңешти тезирээк жаңылашыбыз керек. Ошондой эле кийинки шайлоолордо азыркы кеткен катачылыктарды эске алыш керек. Мисалы, бир мандаттуу округдардын көпчүлүгүнөн купулга толбой турган адамдар шайланып келди. Тагыраагы, көп жерден эски саясатчылар утуп чыгышты. Партиялык система менен шайланган депутаттар бир мандаттуу округдан шайланып келген депутаттардан алда канча өйдө болду. Эл добуштарды даректүү берди. Көп жерде биз күтпөгөн талапкерлер алдыга озуп чыкты. Муну алдыга жылган чоң кадам десек болот. Демек, ушул тажрыйбага таянсак, кийинки шайлоодо партиялык система бир топ адилеттүү болоору аныкталды. Бир система менен шайласак бир бюллетень болуп, партиялардын катар саны, анан талапкерлер гана болот. Эл каалаган талапкерлер жеңишке жетээрин ушул шайлоо аныктады. Ошон үчүн кийинки шайлоолорду партиялык система менен өткөрсөк болот экен.
- Көптөр эркин тандоого шарт түзгөн шайлоо болду деген пикирлер арбын айтыла баштады. Шайлоо системасынын жаңы эрежеси купулуңузга толдубу?
- Шайлоо системасынын ыкмасы купулума толук толбоду. Эки башка ыкма менен өткөнү үчүн да жогоруда сөз кылгандай түрдүү жагдайлар жаралды. Бир мандаттуу округдан чыккан элине кол-кабыш кылып жүргөн талапкерлерге элибиз добуш берүүгө мажбур болгондой абал жаралып калды. Ошон үчүн мен Жогорку Кеңеште депутат болом деген адамга бүт өлкөдөн добуш берилсе туура болмок деген ойдомун. Ошондой эреже киргенде гана регионалдык чөйрөдөгү эле олигархтар, ишкерлер өтпөстөн бүт өлкөгө таанымал болгон таза инсандар алдыга озуп чыгып, алардын депутат болгонуна шарт түзүлмөк. Негизи жакшы парламент гана түзүк өкмөт түзөт. Жакшы түзүлгөн өкмөт өлкөнү алдыга жылдырат. Ошондуктан, алдыга жылыш үчүн шайлоо эрежелерин тагыраак кылышыбыз керек. Бир эле система менен шайлоо кылсак, бир бюллетень болуп, шайлоочу ошонун алкагында тандоо жасаса жакшыраак болчудай сезилди.
- Айрымдар гендердик саясат эске алынбайт, парламентке аял депутаттар келбей кала турган болду деп кайгырып жатышат го. Бул боюнча кандай ойдосуз?
- Преференциялык системада гана аялдарга өзүнчө рейтинг түзүлүп, аз добуш алган аялдар дагы эң кур дегенде 30 пайыз мандаттарга ээ болуп, парламенттин курамына киришет. Бул партиялык системанын жакшы жагы. Ал эми бир мандаттуу округдарда гендердик теңчиликти эч ким сактай албайт. Бир мандаттуу системада эч кандай квоталарды сактоого мүмкүнчүлүк берилбейт. Ошондуктан эски саясатчылар, мурдагы саясий таштандылар кайрадан саясий аренага кайтып келип жатышат. Өкүнүчтүүсү, бир мандаттуу округдук шайлоодон өлкөнү оңдомок турсун, ушул абалга алып келген адамдар кайрадан Жогорку Кеңештин трибунасына ээ болушту. Ошондуктан, бир мандаттуу округдардан баш тартышыбыз керек деген ойго кептелип отурам. Себеби, гендердик теңдик эл аралык укуктук норма. Биз аялдардын квотасы боюнча аялдарга шарт түзбөсөк бир мандаттуу округдардан аялдар таптакыр келбей калат. Жалпысынан аялдардын ээлеген мандаттары 15-20 пайыздан ашпай калды. Негизи ушул маселеге катуу көңүл буруп, гендердик теңдикти камсыздашыбыз керек. Парламентте 30 пайыздан кем эмес орунду калктын жарымынан көбүн түзгөн аялдарга ыйгарбасак болбойт.
- Президенттин дыйкандарды фермерлерди жер салыгынан бошоткон жарлыгы мамлекетке пайда алып келеби? Муну дыйкан, фермерлерге болгон колдоо деп түшүнсөк болобу?
- Президенттин салыктардан дыйкандарды куткарып, ошолорду бошотуп, аларга жеңилдик болсун деген ниети жакшы. Ошол эле мезгилде социалдык фонд, подоходный салыктар калып жатат да. Ал эми жер салыгы чындап келгенде чоң сумманы түзбөйт. Ал нерсе олутту түрдө дыйкандын абалын жакшырта албайт. Аны ачык эле айтышыбыз керек. Айрымдар “популизм, арзан пиар” деп да мүнөздөп жатышат. Мен антип айткандан алысмын. Бирок, президенттин “дыйкандарга арзан насыяларды берем”- дегенин колдойм. Ошол багытын туура көрүп турам. Дыйкандарды 6 пайыздык насыялар менен камсыздасак, ошондон пайда чыгат деген ойдомун. Ошон үчүн азыр дыйкандарга шарт түзүп бергенден өткөн жакшы нерсе жок. Дыйкандарга арзан кредиттерди берип, техника менен камсыздашыбыз керек. Жүгүрткөн каражаты миллиондон ашыктар салык төлөйт деп коюптур. Эми андан ашык каражат жүгүрткөндөр да бар да. Алар салык төлөбөш үчүн 8 миллиондук каражат менен эле иштеп жатабыз деп көмүскө экономиканы күчөтүп жиберишпесе болду. Ошон үчүн жакшы пайда тапкан субъекттер салыктан качпай төлөшү керек.
- Ажонун аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр баасын арзандаткан жарлык чыгарганы аларга жеңилдик бергени десек болобу?
- Ажонун аз камсыз болгон үйгө светти арзандатканы туура. Болгону ошол таңсыктыктан келип чыккан айырманы жаба турган бизде финансылык булактар болушу керек. Электр энергияны өндүрүүнү жогорулатсак, начар жашаган үй-бүлөлөргө арзандатмак турсун бекер берсек да туура болот. Энергия кризиси учурунда көбүрөөк энергияны иштеп чыгарууну колго алышыбыз керек. Президенттин электр энергиянын таңкыстыгына карабай жакыр жашаган үй бүлөлөргө арзаныраак берем дегени көп үй бүлөлөргө бир топ жеңилдик берет.
Булак: "Майдан.kg" гезити, №38 (522) 15.12.2021-жыл