Салык кызматы Жогорку Кеңеш депутаттарынын 2020-жылга карата тапшырган декларациясын жарыялады.
Sputnik Кыргызстан эң көп киреше тапкан алты эл өкүлүнүн декларациясын карап көрдү. Белгилей кетсек, материалда учурдагы статусуна карабай былтыр депутат болуп тургандар көрсөтүлдү.
Рейтинг боюнча Азамат Арапбаев депутаттардын эң байы аталды. Ал өткөн жылы 54,4 миллион сом киреше чогулткан.
Депутат Азамат Арапбаев
Экинчи орунда экс-премьер-министр Данияр Үсөновдун (азыр Даниил Урицкий деген ат менен белгилүү) мурдагы жубайы Динара Исаева турат. Ал 28,8 миллион сом тапкан.
Экс-премьер-министр Данияр Үсөнов
Үчүнчү сапка илинген Исхак Пирматовдун жылдык кирешеси 16,8 миллион сомду түзөт.
Депутат Исхак Пирматов
Ал эми Салайдин Айдаров16 миллион сомго чукул каражаты менен төртүнчү орунду ээледи.
Депутат Салайдин Айдаров
Бешинчи орунда турган Орозбек Алыбаевдин былтыр 12,5 миллион сом иштеп тапканы белгилүү болду.
Депутат Орозбек Алыбаев
Иса Өмүркуловдун кирешеси дагы 12,5 миллион сомго чукулдап, алтынчы орунга чыкты.
Депутат Иса Өмүркулов
Мындан башка депутаттардын бир жылда иштеп тапкан акчасы 10 миллион сомго жеткен эмес.
Булак: Спутник