Кыргызстандын Энергетика министрлигинин Түркмөнстандан 2022-жылы да электр энергиясын сатып алуу боюнча келишим түздү. Бул тууралуу министрликтин «Фейсбук» баракчасындагы маалыматта айтылат.

Министр Доскул Бекмурзаев кыргыз-түркмөн комиссиясынын бешинчи жыйынына катышкан. Ал анда заманбап технологияларды колдонуу менен электр энергиясынын кубаттуулугун көбөйтүү үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын билдирген.

Муну менен катар президент Садыр Жапаровдун 27-28-июнда Түркмөнстанга болгон расмий сапарынын алкагында түркмөн тарап менен бир катар келишимдер түзүлгөнү айтылат.

Ага ылайык, 2021-жылдын 1-августунан тарта Түркмөнстандан Кыргызстанга электр энергиясы берилип жатат. 2022-жылы да электр энергиясын алуу боюнча келишим түзүлдү. Учурда бул багытта мамлекет башчыларынын жана министрликтердин деңгээлинде сүйлөшүү активдүү жүрүүдө.

Келишимге ылайык, ушул жылдын август айынан тарта декабрь айына чейин Түркмөнстан Кыргызстанга 501,9 млн кВт саат электр энергиясын берери айтылган.

Муну менен катар Түркмөнстандан Кыргызстанга жаратылыш газын экспорттоо боюнча сүйлөшүү жүрүүдө.

Булак: Марал