- Марлен Абдырахманович, шайлоо кандай өттү? Мурдагыдай бийлик кысымга алган, административдик ресурс колдонулган жагдайлар болгон жокпу?

- Шайлоо таза өттү десек болот. Анткени, административдик ресурс колдонулган жок. Айрым гана жерлерде добуш сатып алуу болду. Негизинен  мурдагы шайлоолорго караганда алда канча таза өттү. Болгону, БШКдан эки жаңылыштык кетти. Эки бюллетендин бири бир мандаттуу, экинчиси партиялык система үчүн берилээрин элге жакшы түшүндүрө алышпай койду. Ошон үчүн адашкандар, бюллетенди жараксыз кылып алгандар көп болду. Элге туура маалымат жетпегендиктен, добуш берүүдө жаңылып жатышты. Бирок, партиянын номери менен талапкердин номери окшош болгондордун баары жакшы алды. Мисалы, “Ынтымакка” добуш бергендердин көбү “Ынтымак” 8, анан сегизинчи да кандидатка добуш берип жатышты. Бул нерсе бардык партияларда болду. Партия менен кандидаттын номери окшош талапкерлердин баарынын багы ачылып, жакшы добуш алышты. 

- “Ынтымак” партиясы канча мандатка ээ болот?

- Биз үчүнчү келдик. Кудай буюрса, 9-10 мандат алабыз деп турабыз. Негизи бу сапар  үгүттү кечирээк баштап калдык. Себеби, Талант Мамытовду БШК четтетип коюп, ага он күн кармалып калдык. Андан тышкары партиядан экөө чыгып кетип, алсырай түштүк. Өтө кыйналдым. Кудайга шүгүр, элге рахмат. Кудай колдоп, эл колдоп утуп келдик. 

- Өзүңүз күткөн добушту алалдыңызбы?

- Жеке мен өзүм партиянын иши менен алек болуп, өзүмө убакыт болбой калды. Мен 10 миңдин тегерегинде добуш алам го деп тургам. Адашкандар жана башкалар болуп, 4 600дөй добуш алдым.

Булак: “Майдан.kg” гезити, №36 (520), 01.12.2021-жыл