Ош шаардык кеңешинин депутаттары шаар ичиндеги коомдук транспорттун жол киресин көтөрүү маселесин колдоого алышты. Анын негизинде, мындан ары маршруткаларга күндүз 15 сом, ал эми кечкисин 20 сом төлөнөт. Кечки мезгил - кыш мезгилинде саат 19:00дөн 21:00гө чейин, жай мезгилинде 21:00дөн 23:00гө чейин деп белгиленген.
Ал эми муниципалдык транспорттун тарифи дээрлик өзгөргөн жок. Троллейбуста электрондук билети барлар үчүн жол кире 6дан 8 сомго жогорулады. Билети жоктор мурдагыдай эле төлөйт. Автобустардын тарифи кымбаттаган жок, электрондук билети барларга 8, жоктор үчүн 10 сом бойдон калды. Ал эми мектеп окуучулары да мурдагыдай эле автобус, троллейбуска 3, маршруткаларга 5 сом жол кире төлөйт.
Шаардык кеңештин токтому төрага кол койгондон кийин күчүнө кирет.