Өлкөбүздө жакшы нерседен да жамандыкты издеп, жакшыны көрсө да көрмөксөнгө салышып, «бөйрөктөн шыйрак чыгарууну» каалаган саналуу маалымат  каражаттары бар. Алардын жазгандарын окуп отурсаң, Кыргызстанда баары жаман, бийлик башындагылар таптакыр эч нерсе кылбай аткандай таасирде каласың.

А бирок, аныгында андай эмес экенин көпчүлүк көрүп, билип атат. Сын болушу керек, бирок жакшыны жакшы деп, кылынып аткан жакшы  иштерди, аракеттерди да айтканды үйрөнүшүбүз керек го. Дегенибиз, мына ошол кылдан кыйкым издегенди «өнөр» кылып алышкан  айрым маалымат каражаттары УКМКнын дарыканалардагы 500 аталыштагы дары-дармектердин бааларын түшүргөнү  боюнча иш-аракетин сынга алып, «жумурткадан кыр издешиптир». Алардын жазгандары боюнча, УКМК элге кереги жок, ден-соолукка пайдасыз препараттарга бааларды  арзандаткан имиш. Ден-соолукка пайдасыз дегендерине жол болсун! Дарыканалардагы ар бир сатылып аткан дары-дармектер ден-соолук үчүн керектүү экенин, эл дарыканаларга ошол үчүн киришерин эмне, билишпейби? 

Анан дагы «УКМК эң көп сатылчу дарыларга бааларды түшүрүптүр, демек, алар эң көп «лоббировать» этилген дарылар да…» деп бүтүм кылып  жаткандарын кандай түшүнсөк болот? Эң көп сатылып жатса, демек, элдин ден-соолугу үчүн эң керектүү дарылар экен да. Элдин суроо-талабы жогору болгон дарыларга баалар арзандаса, анын эмнеси жаман?  Муну эми фактыны атайылап башка өңүттөн берип, УКМКнын аракетин жаман жагынан көрсөтүүгө болгон аракет катары гана баалоого болот. Же эптеп эле каралап, боктоо үчүн фактыларды өздөрүнө керектүү таризде  бурмалай берсе боло береби?

УКМКнын бул багыттагы иш-аракеттери кандай сынга алынбасын, бирок бир чындыкты айтып кетели. Кыргызстандагы дары-дармектер бизнесинде чоң коррупциялык схема иштей тургандыгы, алардын артында белгилүү адамдар, күчтөр турары жашыруун эмес. Камчыбек Ташиев башында турган УКМКнын бул боюнча кылып аткан иштери колдоого гана аларлык. Фармацевтика тармагындагы коррупциялык каналдарды бууп, дарылардын бааларын элге жеткиликтүү кылуу жаатында чоң иштер кылынууда. Бул багытта иштер эми гана башталды. Демек, алдыда чоң иштер аткарылып, бул тармак тарипке келтирилбей койбойт.