Парламентке шайлоо процесси активдүү жүрүп жатканын УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 10-ноябрда УКМКнын Кара-Көл шаарындагы башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышында билдирди.

Айтымында, шайлоо кампаниясы олуттуу окуяларсыз жүрүп жатканына карабастан, шайлоо мыйзамын бузуу фактылары катталууда.

“Президент административдик ресурсту колдонууга тыюу салуу, ачык жана акыйкат шайлоо өткөрүү боюнча Жарлыкка кол койгон. Мамлекеттик, муниципалдык, укук коргоо жаатынын катардагы кызматкерлеринен баштап жетекчилерине чейин шайлоо процессине кийлигишпеши, үгүт иштерине катышпашы керек. Муну баары так түшүнүүгө тийиш. Буга чейин мамлекеттик кызматкерлерге административдик ресурсту колдонбоо боюнча Жарлыктарга кол коюлган эмес. Ошондуктан, жер жерлерде административдик ресурс колдонулуп келген.

Аймактарда жетекчилерди бөлүп алышып, кайсы бир саясий партияга иштөөнү буйрушкан, кандай партия өтүшү керек, кайсынысы өтпөшү керектигине чейин көрсөтмө беришкен. Жогорку даражалуу жетекчилер көрсөтмө беришкен, андан кийин ал жер жерлердеги жетекчилерге жеткен, баары көзөмөлгө алынган. Кайсы бирөөнү алдыга жылдырып, кайсы бирөөнү артта калтырышкан. Административдик ресурс колдонулган.  Жаңы Конституциянын негизинде мыйзамдуулук принциптери ишке кирди. Биз элге өздөрү каалагандай тандоосуна мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Кандай талапкер болбосун, эгер эл добушун берсе, ал парламентке барат, биз аны менен иштешүүгө милдеттүүбүз”, - деди Ташиев.

Ошондой эле, ал административдик ресурсту колдонгон жетекчилерге катаал жаза колдонулаарын белгиледи:

“Жакында бир катар жетекчилер кызматынан бошотулду, көбүнө сөгүш берилди. Ага карабай айрым жерлерде эреже бузуу уланууда. Шаар мэрлери, акимдер, айыл өкмөт башчылары, президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү – буларды байкаштыруу керек. Мамлекеттик кызматкердин кайсы бир партияга же талапкерге үгүт жүргүзүүгө укугу жок”.

Андан ары ал УКМКнын кызматкерлерине кайрылды:

“Сиздердин милдет – мыйзамдын аткарылышын көзөмөлгө алуу, эреже бузууларга жол бербөө. Бизде көпчүлүк талапкерлер азыр күтүп жатышат, бир жума, эки жумадан кийин акча таратууну башташат деген маалымат бар. Шайлоого бир жума, 2-3 күн калганда сиздер күнү да, түнү да уктабай, көзөмөлгө алууга тийишсиңер. Эгерде добуш сатып алуу фактылары болсо, а сиздер ага реакция жасабасаңыздар, анда жазаланасыздар”.

 Ошондой эле, Ташиев талапкерлердин үгүт иштерине токтолду.

“Айрым талапкерлер программасын айтышпай, башкаларды каралоого аракеттенишип, элге туура эмес маалымат тарткатып жатышат. Мен ал талапкерлерге айткым келет – сагызгандай шакылдаган талапкерлер тилинин азабын тартат! Биз алардын баары элге программасын айтып алышына шарт түзүп жатабыз, аны менен добуш алып, парламентке келишсин дейбиз. Мамлекет шарт түзүп, мыйзамдуулукту камсыздоодо. Алар дагы талапкердин этикасын сакташы керек. Бирок туура эмес маалыматты таратышып, мамлекет башчысын, сиз жана бизге окшогон мамлекеттик кызматкерлерди каралоодо. Алар сөздөрүнө жооп беришет. Эл баарын түшүнөт деп ойлойм. Мамлекетти жамандоо менен алдыга жылам деп ойлоо жаңылыштык. Мындай учурда мамлекет эч убакта өнүкпөйт. Мамлекетти жакшы иштер алдыга жылдырат. Эгер кайсы бир талапкер мыйзамды бузса, анын эмгегине, коомчулуктагы атагына, мамлекеттик кызматтарда туугандары бардыгына карабайбыз, жоопкерчиликке тартабыз”, - деди Камчыбек Ташиев.