Мэриянын түшүндүрмөсүнө алайык, акыркы жылдары калаада шаардык транспоттун кыймылдуу курамы азайган.
Андан тышкары, жүргүнчү ташуучу ишканалардын финансылык абалынан улам болгону 120-128 троллейбус жана 85-95 автобус линияга чыгып жатат.
“Жүргүнчүлөрдү ташуунун дээрлик 85%ы жеке транспорттук компаниялар тарабынан жүзөгө ашырылат”,- деп белгилешти мэриядан.
Мэриядан мындан башка дагы терс факторлор бар экенин кошумчалашты:
3,5 миң автоунаанын ордуна шаардыктарды 1,0 миңден ашык эмес унаа тейлеп жатат;
айдоочу штатынын жетишсиздиги;
жеке компаниялардын кызыкчылыктарын транспорттук кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрүнө багыттоо.
Мэрия бишкектиктерге акыркы бир нече жылда транспорт кызматтары тийиштүү сапатта жана толук түрдө көрсөтүлбөй жатканын моюндады.
“Жагдайларды эске алуу менен Бишкек шаардык кеңеши көптөн бери көтөрүлүп келген тарифтерди жогорулатуу боюнча токтомду кабыл алды. Шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу тарифтерине күйүүчү майдын, унаа тетиктердин баасынын өсүшү дагы олуттуу таасирин тийгизүүдө”,- деп кошумчалашты мэриядан.
Мэрия Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары менен жүргүнчү ташуунун сапатын жакшыртуу иштери бардык кыйынчылыктарга карабай уланып жатканын айтууда. Аны менен катар, коомдук транспорттун бардык түрүн электрондук билетке өткөрүү боюнча аракеттер жүрүп жатат.
Акыркы жолу Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары коомдук транспорттогу жол кире акысын 2012-жылы өзгөртүшкөн. Анда жол акы 8 сомдон 10 сомго көтөрүлгөн.
Бирок жол кире көтөрүлгөн менен автобус, троллейбус жана башка жеке менчик транспорттордун жүргүнчүлөрдү тейлөө маданияты, санитардык эрежелер менен регламенттин сакталышы жана башка көйгөйлөр тууралуу шаар бийлиги маселе көтөрбөгөндүгү таң каларлык болууда.
Булак: “Майдан. kg” гезити