Фергана облустук акимчилиги жалпы аянты 7 гектарды, учуу-конуу тилкесинин узундугу 700 метрди түзгөн аэропортто жакында сыноо иретиндеги учуулар аткарыла баштай турганын да кошумчалады.
Маалыматка караганда, курулуш иштерине дээрлик 7 миллиард сум жумшалган аэропортто күтүү залы, тамактануу, соода кылуу жана эс алуу жайлары, ошондой эле учуу-конуу тилкеси бар.
350 чарчы чакырым аянтты ээлеп турган Өзбекстандын Сох району Кыргызстандын Баткен облусу менен курчалып турат. Өзбекстандан Сохко баруу үчүн Кыргызстандын аймагы аркылуу болжол менен 20 чакырымдай жол жүрүүгө туура келет.
Анклавды Өзбекстандын негизи аймагы менен байланыштырган Сох-Риштан унаа жолу 2013-жылы кыргыз-өзбек чек арасындагы чырдан кийин бир тараптуу жабылган. Быйыл апрелде аталган жолдогу "Кайтпас" жана "Өтүкчү" чек ара бекеттери ачылып, жүргүнчү ташыган унаалар өткөрүлө баштаган. Азырынча бул бекеттер аркылуу жүк ташыган автоунаалардын өтүүсүнө уруксат жок.
Бирок төрт тарабы тең башка мамлекеттин аймагында жайгашкан анклавда аэропорттун курулушу эл аралык нормага ылайык келеби? Башкасын айтпаганда да, башка мамлекеттин самолётунун биздин аймагыбыз же аба мейкиндигибизди пайдалануусунан алар бизге тиешелүү акча төлөйбү?
Булак: “Майдан. kg” гезити