Бишкекте курулут бүтө элек көп кабаттуу үйдүн 8-кабатынан секирип каза болгон Мунарбек Ташкулов 22 жашта болгон. Анын атасынын бир тууган эжеси окуя кандай болгонун "Супер. kg" сайтына айтып берген.
"Мага иним чалып, "Мунарбекке барчы", - деп калды. Мунарбек сүйлөшкөн кызы менен же урушуп кеткенби же үйлөнөм деп атабы... Мен айттым: "Үйлөнтүп салгыла да, эгер ошол кызга үйлөнгүсү келип жатса", - деп. Иним бул тууралуу мурда укпаганын, бүгүн биринчи жолу укканын айтты. Мунарбекке телефон чалсам албады. Айтылган дарек боюнча барып, кайдан иштеримди билбей, карап турсам, көп кабаттуу үйдүн жанында толтура адамдар өйдө жакты карап, телефондоруна бирдемени таптыр жатышканын көрдүм. Анан Мунарбекти үйдүн чатырынан көрдүм.
Ал жерде ӨКМнын кызматкерлери, тез жардам кызматкерлери жана милиционерлер бар экен. Иниме барайын десем, биринчи болушкан жок, анан уруксат беришти. Мунарбекке ошол кызга үйлөнтө турганыбызды, кааласа азыр эле кыздын үйүнө колун сурап бараарыбызды айттым. Кийин бир кабат ылдый түшүп карасам, үйдүн алды бетон жана чоң таштарга толтура экен. ӨКМнын кызматкерлеринин эч кандай даярдыгы болбоптур. Бирөөсүнөн сурасам, тор бар деп айтты эле. Бирок Мунарбек секирип кеткенде, сактап калышты деген үмүт менен ылдый карасам, ал жерге чабылган көгүчкөндөй эле жатып калыптыр", - деген маркумдун эжеси Кундуз Бердишова.