Имунодефицит менен жашаган онкологиялык жана гематологиялык ооруларга кабылган жарандарда короновирустук инфекция өнөкөткө айланып, бир нече айга чейин созулуп, вирустун мутация болуусу шарт түзүлөт , ал убакта, айланасындагы жана үй-блө мүчөлөрүнө жугушуна алып келет. Биздин байкообузда, бул жылы жаш курактагы курч мүнөздөгү лейкоз менен кайрылгандар арасында ушул короновирустук инфекциядан кийин пайда болгон факты көбөйүп жатат. Бул тууралуу брифинг учурунда Улуттук онкология жана гематология борборунун онкогематология бөлүмүнүн башчысы Шербет Жусупова айтып берди.
 
Онкологиялык, алардын ичинде онкогематология, гематологиялык оорулар менен ооругандарды эмдөөнүн жалпы ыкмалары

1.Рак менен ооруган бейтаптарда COVID-19 оор өтүү коркунучуна кабылышат;
2.Рак менен ооруган бейтаптар нозология жана стадиясына карабастан, бирок боло турган тобокелдик факторлорун эске алуу менен эмделүүгө тийиш;
3.Эмдөө учурунда ракка каршы дарылоону токтотууга болбойт.
 
Эмдөөнү оорунун оор түрдө өтүү тобокелдик факторлору бар бейтаптар алуусу зарыл:

- 65 жаштан жогору;
- өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусу;
- өнөкөт жүрөк жетишсиздиги;
- өнөкөт бөйрөк оорусу;
- кант диабети ж.б.;

Рак менен ооруган адамдар менен контактта болгондо медициналык кызматкерлер, инфекцияны жайылуу коркунучун азайтуу үчүн биринчи кезекте эмдоодон өтүүсү керек.