2021-жылдын 7 жана 9-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун тапшырмасы боюнча КР УКМК экспедициялык тобу Ооганстандагы оор кырдаалга карабастан, Кичи жана Чоң Оган Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Кыргыз Республикасы тажик бийлигинин уруксаты боюнча мурда колдонулган Тажикстандын аймагы аркылуу өткөн коридордун оптималдуу узундугунун жана коопсуздугунун жоктугунан улам, биринчи жолу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизме боюнча, гуманитардык жүктөрдү Оганстандын өзүндө сатып алынды. Ооган кыргыздарына жеткирилген негизги азыктын жалпы көлөмү 95 тоннаны түздү.
Гуманитардык акциянын ишке ашыруунун алкагында, КР экспедициясы этникалык кыргыздардын мындан ары коопсуз жашоосун жана Ооганстандын аймагы аркылуу эркин жүрүүсүн камсыз кылуу боюнча жана ошондой эле Ооганстандын жарандары катары аларга ар тараптуу колдоо боюнча жогорку деңгээлдеги макулдашууларга жетишти.