Президент Садыр Жапаровдун "Кумтөр" боюнча айтканына кошулаарын "Жарандардын жана жарандык бирикмелердин бүткүл дүйнөлүк лигасы" коомдук уюмунун мүчөсү Марат Жуманазаров билдирди. Эске салсак, президент Кыргызстан "Кумтөр" иши боюнча эл аралык сотто жеңишке жетишээрине ишеними чоң экенин белгилеген.
"Биз баарыбыз "Центерра Голд." компаниясынын жетекчилиги тарабынан кенди иштетүүдө кандай эрежелер бузулганын жакшы билебиз, мөңгүлөр такыр талкаланып, экологияга чоң зыянын келтиргенинен кабардарбыз. А бул болсо бир гана Кыргызстанга тийиштүү маселе эмес, бул Борбордук Азия аймагына таандык көйгөй. Анткени, мында таза суу жөнүндө кеп болууда. Андан тышкары, биздин экокатастрофабыз эртеби - кечпи глобалдык масштабда коркунуч келтире баштайт. А бул абдан олуттуу кылмыш.
Юридикалык чекиттен алып караганда Кыргызстан кандай болбосун сотто жеңишке жетишет. 2003-жылга чейин "Камеко" компаниясы иштебеди беле. Ошондо Кыргызстан 67 пайыз үлүшкө ээ болуп, 33 пайыз аталган компанияга берилген. 2004-жылы долбоорду реконструкциялоо боюнча келишим түзүлгөн. Жыйынтыгында, Кыргызстандын жана "Камеконун" бардык акциялары "Центерра Голд." компаниясына өттү. Андан кийин Кыргызстан болгону 33 пайыз үлүшкө ээлик кылып калды. Ушунун өзү эле олуттуу мыйзам бузуу, анткени "Камеко" менен түзүлгөн келишимде эч кандай өзгөртүү болбой турганы айтылган. Андан тышкары бул келишим боюнч кен эчак эле өлкөбүздүн карамагына өтүшү керек болчу. Башкача айтканда, жада калса эл аралык мыйзам боюнча дагы биздин кызыкчылык жабыркаган", - деди ал.