Өткөн жумада А. Атамбаевдин тушунда кызматка барган Улуттук банктын “түшпөс хан” аталган төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун “чагылгандай тездик менен” кызматтан алынышы бүтүндөй каржы тармагынын кызматкерлерин таң калтырды. Көрсө, бул “операциянын” артында жакында Самат Ибраев деген депутаттын чакыруусу менен өлкөбүзгө келип, мамлекетибиздин финансы системасын “реформалоонун” автору, россиялык экономист Владимир Фролов турган экен. Көрсө, Т. Абдыгулов В. Фроловдун сунуштарына макул болбой коюптур.

Бирок кыргыз коомчулугунда, ММКларда жана социалдык тармактарда россиялык экономист тууралуу тескери пикирлер айтылып, ал тургай өз өлкөсүндө шылуундук кылып, банк жана каржы компанияларын банкрот кылгандыгы айтылып, жазылып кетти.   

Акыркы маалыматтар боюнча, В. Фролов өзүнө карата мындай кара пиардан соң Кыргызстандан кетип калган. Ал кетер алдында жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине интервью берип, мындай деген сөздөрдү айткан: "Сингапурда бир-эки жыл мурун биргеликте финансы тармагында иш ачканбыз. Ал жакта криминалга байланышкан мекеме ачуу мүмкүн эмес. Сингапурдагы структура эң катаал, талаптарды өтө катуу коюшат. Финансы компаниясына катыштыгыңыз болсо, радикалдуу текшерүүлөр жүрөт. Мен мындай текшерүүдөн өткөм.

Мен АКШнин мамлекеттик парламентинин чакырылган коногу болгом. АКШга конок катары чакырылсаң, бул президенттен кийинки экинчи статус болуп саналат. Анда да киши толук текшерилет.

"Кара пиар, анын ичинде Кыргызстанда да болгон негативдүү маалымат олуттуу кесепетин тийгизди. Мен силердин мамлекетиңерге жөн эле Фролов катары эмес, мен репутациясында кынтыгы жок, абройлуу адам катары барган болчумун. Силердин жетекчилик Кыргызстандагы авиациялык иштерди өнүктүрүү үчүн менин күйөө баламды кызматташууга чакырыптыр. Мен бул боюнча аны менен сүйлөшкөнүмдө "Үй-бүлөбүздүн бир мүчөсүн болушунча боктоп салышты. Сиз башкаларын да ошондой кылышын каалап жатасызбы? Кечиресиз мен бул сунушка макул болбойм", деп айткан. Силер кара пиар менен өзүңөрдүн өлкөңөрдү катастрофага түртүп жатасыңар".

Демек, В. Фролов амалдуулугу менен акча жасаган шылуун беле же Кыргызстанга күйгөн адам беле?