Манас” эл аралык аэропорту” ААК жыл сайын 1-октябрда белгиленүүчү Эл аралык карылар күнүнө жана Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнүнө карата 267 эмгек ардагерлери- мурдагы авиациянын кызматкерлерине кайрымдуулук жардам көрсөттү. Бул тууралуу аталган абамайдандын басма сөз кызматынан билдиришти.
“Манас”, “Ош”, Ысык-Көл”аэропортторунда 15 жылдан ашык иштеп, жаш курагы боюнча пенсияга чыккан авиациянын 267 ардагерине материалдык көмөк көрсөтүү чечими “МЭА” ААК Башкармалыгы тарабынан кабыл алынган.
«МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы Бакыт Шаршеев авиациянын улуу муунунун өкүлдөрүнө жарандык авиацияны өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн терең ыраазычылыгын билдирет.
«Сиздердин узак мөөнөттүү жана ак ниеттүү эмгегиңиздер, ишке болгон жоопкерчиликтүү мамилеңиздер жаштарга үлгү болот деп эсептейм. Сиздерге терең ыраазычылык билдирип, бекем ден-соолук, кажыбас кайрат каалайм, ар дайым маанайыңыздар ачык болсун”, - деди ал.