Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Эльмир Досалиев вице-мэр Азат Узаковго кеңеш берди. Ал шаар жетекчилигиндеги экинчи адамга уялбастан, анча-мынча оңдолуп жаткан көчөлөрдү кыдырып, маселелерди жеринде билген ашыкча кылбай турганын айтты. 

"Оңдолуп жаткан жолдорго заказчик болуп капиталдык курулуш Башкармалыгы эсептелинет, жоопкерчилик ошондо болгондуктан мен аталган Башкармалыктан акыбалды билип турам", - деди вице-мэр. 

"Грантты мэрия алат, а сиз вице-мэрсиз", - деген депутат Узаков өз көзү менен оңдоо иштерин көрүп турушу зарылдыгын белгиледи. 

Ошондой эле, депутат подрядчик сапаттуу жол курушу керектигин, учурда оңдолуп жаткан жолдордун кемчилиги көп болуп жатканын айтты. 

"Сын айтылганда эле кепилдик мөөнөтү аяктай элек, подрядчик жасайт деп кутулуп кетмейибиз бар. Кепилдик мөөнөтүнөн кийин да кемчилик болсочу? Вице-мэр катары башынан сапатын текшерип турушуңуз керек, уялбай эле жолдорду караңыз", - деди Досалиев.