Садыр Жапаровдун "Кумтөр" маселесине чекит коюуга саясий эрки жетет. Мындай пикирин "Тилекмат Аке" коомдук фондунун башчысы Тилек Усупов билдирди. 

Айтымында, президент "Кумтөр" маселесине өзү бир убактарда так ушул боюнча куугунтукка учураганы үчүн эмес, экономикалык кырдаалдын кейиштүү болуп баратканын жакшы түшүнгөнү үчүн катуу киришти. 

"Абийирсиз инвесторлор көп жылдардан бери биздин коррупцияланышкан аткаминерлерди колго алып, улуттук байлыгыбызды өлкөдөн чыгарып кетип турушту. Жыйынтыгында, Кыргызстан жоголуу коркунучуна кептелди. Азыр президент баш болуп баарыбыз ушундай абалда жашай берүү мүмкүн эместигин түшүнүп калдык. Эгер чечкиндүү аракеттерди көрбөсөк, мамлекетибизди жоготуп алабыз. Ошондуктан, мен президентибиздин кен байлыктарыбыз өлкө кызыкчылыгы үчүн гана иштеши керек деген ниетин колдойм. Бир эле мен эмес жалпы эл колдоп жатышат. Бул жерде "Центеррадан" кенди тартып алуу аракеттери болуп жаткан жок, канадалык инвесторлор Кыргызстандын аракетин дал ушул өңүттө көрсөтүүгө умтулуп жатышпайбы. Баары мыйзам чегинде чечилүүгө тийиш", - деди ал. 

Ошондой эле, "Центерранын" канадалык жетекчилеринин провокациялык чакырыктарына кыргызстандыктар ишенбеши керектигин белгиледи. "Азыр  бизге биримдик керек. Президенттин да каалаганы бардык кыргызстандыктар сыяктуу эле - Кыргызстанды өнүктүрүү болуп турат", - деп жыйынтыктады.