“Семетей” эпосунун жана Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" драмасынын негизинде июль айынан баштап көркөм тасма тарта баштасак мамкатчы Абыкеев баш боло “аз ат, аз киши менен тартып атышат, кыргызды салык толотушуптур - кыргызды дүйнөгө уят кылышат, токтотуш керек” деген доомат коюшуп ызы-чуу салышты. Аз ат, аз адамдар графикада кобойтүлөөрүн, кинонун учурдагы эл аралык тартиби ушундай экенин, тасма жарыялана электе улам оңдолуп аткан жумушчу сценарий боюнча сын тагуу адепке гана эмес, мыйзамга да туура келбесин таңазарга алышпады. Кудайга шүгүр, азыр тасма тартылып, монтаждалып бүтүп, үн коштоо, музыка жазуу, компьютердик графика жумуштары ийгиликтүү жүрүп атат.

Биз узанган тема өтө улуу жана жоопкерчиликтүү экенин биз терең түшүнөбүз. Күчтүү, таланттуу кинорежиссёрлор, операторлор, актёрлор чакырылган.

Алгачкы жумушчу рекламалык роликтер сунушталып, чет өлкөлүк, Казахстан, Россия, Түркия, Кытай жана Европа өлкөлөрүнүн кино прокатчылары менен үзүрлүү макулдашуулар жүрүүдө.

Иш кызуу жүрүп, сындарга жооп берүүгө убакыт болбоду. Эми мындан ары чет элдик сапарлар Кудай жол берсе, соцтармактарга кирүүгө алдыда андан бетер убакыт болбойт. Тасмабыз боюнча дооматтарга жооптор кино чыкканда өзүнөн-өзү берилмекчи. Ал эми менин ишмердигиме чейин киришип, жалганды чындай урдургандарынын бир мисалын келтиргим келет, башкалары да ушул сымал жөө жомок экенин белгилеп...

 

Мамкатчы Абыкеев жазуучулар уюмун жетектеп турганда орун басары болгон Сариев “Манастын уулу Семетей” тасмасынын авторун жоопко тартыш керек!”- деп жазса, аны Абыкеев ФБдагы профилине коёт. Анан Абыкеевдин айдактоосу менен Сариев Койчуманов деген менен президентке кайрылып, мени шыбап, “Бакиев убагында гезит чыгарып, Бакиевдер менен кошо качып, Казахстанда баш калкалап жүрүп эми келди”,- дептир. 2010-2011-жылдарда парламенттик жана президенттик шайлоолордо “Ата-журт” партиясынын штабында иштеп, “Апта”, “Жанылык” гезиттерин чыгарганым, 2012-жылы “Президент жана бомж”, 2013-2014-2015- жылдарда “Президент жана бомж-2”, “Москва сүйүүсү”, “Төңкөрүш”, 2017-2018-жылдарда “Миллионердин сүйүүсү”, “Президент жана бомж-3” тасмаларын жазып, тартып, коюп, таратып жүргөнүмдү билмексенге салып, коомчулукту адаштыргысы келишет. Бакиев убагында мен коомдук уюмдун гезитин чыгарсам, Чолпонбек Абыкеев президенттик администрацияда бөлүм башчы болгон. Ал эми 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо мен “Мекенчил” партиясынын штабында эл,  мамлекет келечеги үчүн кызмат кылсам, мырза Абыкеев “Биримдик” партиясын сүрөп жүргөнүн кеп кылышууда.

“Манастын арбагы урбасын!”-  деп коркутушту эле, тескерисинче, Жараткан колдоп, улуу арбактар жолдоп, тасмабыз шар, шыр тартылды. Эми көптөгөн өлкөлөргө таратып, Кыргызстаныбызды, кыргыз элибизди алыс-жакынга бир даңктап алсак деген аруу тилектебиз!

Өмүрзак Төлөбеков - кино продюсер