Афганистан "Талибан" кыймылынын бийлигине өткөндөн кийин Улуу Памирдеги этникалык кыргыздардын эртеңки тагдыры тууралуу талкуулагандар пайда болду. Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев этникалык кыргыздардын маселесин чечүү боюнча сунушун жолдоду.

- Афганистан өзүн Эмират деп жарыялап жаткандан кийин Улуу Памирдеги кыргыздарды алып чыгып, түпкүлүктүү кыргыз жерин таштап чыгып кетебиз дегендин  ордуна аларга дипломатиялык, уюштуруучулук, техникалык жардам берүү менен жер чегин аныктап Улуу Памир Кыргыз Султанаты түзүлгөнүн жарыялоо туура болот. Кыргыз Султанаты  болсо Афган Эмиратынын ичинде саясий жана административдик-аймактык субъект болуу укугуна ээ болот. Кырдаал өтө ыңгайлуу, талиб-пуштуларга Памирдеги чер чегинин, кимдер кандай ээлик кылып жатканынын мааниси жок, башкысы бийликти таанышса болду, ал эми бул жакта талашчулар азыр өз айласын таппай турат. Ыкчам киришсе чечилчү эле маселе. Бул маселеде калктын саны мааниге ээ эмес. Илгери Дауд королдун тушунда кыргыздар ошондой укукта болуп, Рахманкул хан  падыша-сарайга барып турган.