Кудайдын кулагы сүйүнсүн, төрөлүүлөрдүн саны көбөйүп, кыргыз көбөйүп атат. Бирок ошол эле мезгилде өлүмдөрдүн на көрсөткүчү өсүүдө. Мындай маалыматты өлкөнүн Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ишенсек, акыркы жарым жылда өлүмдөрдүн саны 12 %га көбөйгөн. Атап айтканда, 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы өлүм көрсөткүчү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 11,8 %га жогору болгон. Эгерде 2020-жылдын бул мезгилинде 16 миң 113 өлүм катталса, бул жылы көрсөткүч 18 миң 13 адамды түзгөн. Мындай көрсөткүч ар бир аймакта ар башкача эмес, өлкөнүн бардык аймагында өлүмдүн саны көбөйгөн.
Булак: “Майдан. kg” гезити