Буга чейин билим берүү министрлиги тарабынан мектептерде ата-энелер тарабынан акча чогултууларды милдеттүү кылуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканы айтылган. Чогултулган акчалар билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө эмес, мектептердеги кем-карчыларды сатып алып турууга, окутуу процесстерин керектүү жабдуу, материаллдар менен камсыздоого жумшалары белгиленген эле. Буга байланыштуу коомчулукта эки ача пикирлер орун алган. Бир бөлүгү милдетүү түрдө акча чогултуу керектигин айтып колдоого алышса, экинчилери каршы чыгып жатышкан. Маселеге өлкө башчысы чекит койду. Дегенибиз, президент мектептердеги акча жыйноолорго каршы экендигин билдирди.
“Бул демилге коррупцияга каршы туруу саясатынын негизги багыттарына каршы келет. Анын үстүнө билим берүү системасын жакшыртууга эч кандай реалдуу пайда алып келбейт. Тескерисинче ата-энелерге кыйынчылыктарды жаратат. Кандай максаттарга болбосун мектептердеги акча чогултууларга тыюу салынышы керек”,- деди.
Ошондой эле президенттин маалымат кызматы мектептерде ушундай көрүнүштөр орун алса, дароо укук коргоо органдарына билдирилиши керектигин белгиледи. Президенттин минтип демилгеге каршы чыкканы канчалык туура, туура эместигин убакыт көрсөтөр. Бирок өлкө башчысы каршы чыкканынан эле мектептердеги акча чогултуулар токтоп калабы? Андай көрүнүштөрдүн уланып жатканы аныкталса, тийешелүү чаралар көрүлөбү?
Булак: “Майдан. kg” гезити