Күлү бир жерге додо болбогон Масалиев деген экс-депутат бар. Акыркы күндөрү кыңшылап үн чыгарып, бүгүнкү бийлик башындагыларга сын айтымыш болууда. 

Сын эгерде орундуу болсо, "ии туура эмес кылып жатсак керек" деп түздөнсө болот. Масалиевдин орунсуз сыны ордун таппай, кайра өзү сынга кабылды.

Өлкө башчысын "бала кезде оюнга тойбой эми ойноп жатат" деп, көл жээгинде скутер айдаганына сын айтымыш болуптур. 

Сиз деле жаш кезиңизде казинолордо акчага карта ойноп, уттуруп тойбой калсаңыз керек. Дегенибиз салык кызматынын төрагасы болуп турганда, казинодо карта ойноп жаткан жериңизден текшерүүчүлөрдүн көзүнө илинип калганыңыз калппы?

Скутер айдаган, казинодо арам оюн ойногондон адал го. Сизди тар чөйрөдө казино оюндарынын фанаты дегенге эмне дейсиз? Ал турсун бир кезде бир катар казинолордун кожоюну Сан менен ыссык мамиле түзүп, казинолорду крышевайтеткениңизди кандай түшүнөбүз? Сынчынын сыңар өтүгү майрык деген ушул эмеспи, Исхак Апсаматович?