Биздеги коррупциялык көрүнүштөр аябай өнүгүп кеткендигин ушундан билиңиз, ал тургай абак жайларда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кылмышкерлерди мөөнөтүнөн мурда бошотуу да акча менен чечилип калган. Бул боюнча ушул жумада ЖАМК төрагасынын биринчи орун басары коррупция фактысы боюнча кармалды

Маалыматка ылайык, УКМК коррупцияга байланыштуу кылмыштарды алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басарынын "Н.Т.М." жетекчилиги астында туруктуу коррупциялык схема, мөөнөтүнөн мурда бошотуу, соттолгондордун шарттарын жумшартуу, ошондой эле бөлүмдүн ортоңку жетекчилигинин мыйзамсыз аракеттерин жашыруу үчүн системалуу түрдө акча каражаттарын алуу аныкталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 2021-жылдын 2-августунда "Н.Т.М." иш бөлмөсүндө ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анда 3500  АКШ доллары, 59 миң сом суммасындагы акча каражаттары, уюлдук телефондор жана чакан калибрдүү куралдын патрондору алынган.

Жашаган жеринен ТТ тапанчасы жана жылмакай ок атуучу куралдар, ошондой эле түзөтүү мекемелеринде соттолгондор жасаган нарда, сандык, бычак, кылыч, стол, отургуч түрүндөгү ар кандай буюмдар табылып алынды.

Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам иш -чаралардын жыйынтыгында "Н.Т.М." УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эми аталган мекеменин колго түшкөн жетекчисинин орун басары өзү темир тордун артына отуруп калары бештен белгилүү. Бирок ал тарабынан абактан мыйзамсыз жана мөөнөтүнөн мурда бошотулган кылмышкерлер абакка кайра кайтарылар бекен?

Булак: “Майдан. kg” гезити