Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылында белгилүү дин аалымы, маркум Чубак ажы Жалиловдун ысымын алган жаңы мечиттин ачылышы болду. Аталган мечитти УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өз каражатынан каржылаган. Албетте, мындай саамалыктын болгону жакшы. Андан да жакшысы бул өңдүү маалыматтарды таза ниет менен коомчулукка кабарласак деген ой. Анткени, соцтармактарда ушу тапта "Ташиев кайсы акчасына салды? Жемкорлордон кустуруп аткан каражатты колдонду..." өңдүү дүңүнөн эле каралоо кампаниясы жүрө баштады.

Эгер унутпасак Ташиев бул кезге чейин эле эчактан бери бизнестин битин сыгып, капчыгы жаатта кайгысы жок экени калкка маалым. Ал эми өзү урматтаган  Чубак Ажыга мечит куруу тагдыр ташы ушул мезгилге туш келгенине Ташиев күнөөлүү эмес да. 
Андыктан бирөөнүн кылганына ич күйдүлүк кылып, жаманаттылоодон бийик бололу.