Жалал-Абад облусундагы Сузак районуна караштуу Барпы айылында Чубак Жалилов атындагы мечит ачылды. Белгилей кетсек, бул мечит Чубак ажынын көзү тирүү кезинде курулуу пландалган. Анын демөөрчүсү - УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев. Бирок курулуш иштери башталган маалда Чубак ажынын көзү өтүп кетип, Ташиев мечитке ажынын ысымын ыйгараарын айткан болчу. 

Мечиттин ачылышына Чубак ажынын атасы, туугандары катышты. Андан тышкары муфтий Максат Токтомушев жана башка бир катар саясатчылар да барышты. 

Чубак ажы Жалиловго багышталып куран окутулду.