Эмилбек Каптагаев соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырды:
- Кандайдыр бир көйгөй боюнча сөз же идея айтуу, ал боюнча тегерек үстөл же форум өткөрүү, токтом же указ кабыл алуу - бул ишти бүтүргөндүк эмес, көйгөйдү чечкендик эмес, булардын жасалышы маселе чечилди дегенге караманча жатпайт. Мына ошол сөздүн айтылышы, ошол көйгөй боюнча токтом же указдын кабыл алынышы менен мамлекеттик кызматтын иши жаңы гана башталат. Көбүнчө мына ушул чындык көз жаздымда болуп, жоопту кызматкерлер "...жетекчи айтты, жыйын уюштурдук, форум өткөрдүк..."- дешип өздөрүнө өздөрү корстон болуп эдирейип калышат. Айтып же кагаз жазып коюу менен маселе чечилбейт. "Жыйын көп, жыйынтык жок... жазылып жаткан токтом көп, указ деген боктон көп..."- деп убагында эл ичинде бекер айтылып калган эмес... Ошол айтылган сөздү турмушка ашыруу үчүн, кабыл алынган чечимдердин ар бир жерде так жана мөөнөтүндө аткарылышын камсыз кылуу үчүн эбегейсиз зор түшүндүрүү жана уюштуруу иштерин, адам жана башка ресурстарды мобилизациялоо иштерин жүргүзүү зарыл. Башкаруу ишинин көзү ушул жакта.