Биз чапан... Чаткал... Жумгал... Дилбар... деген маселе менен ызылдап атсак, акылдуулар  технологияны кантип өнүктүрөбүз деген  маселеде баш оорутуп атышат. РФнын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев эксперттерин жыйнап алып, өлкөнү кантип технология менен өнүктүрөбүз, ушунун чаралары кандай деп баш оорутушту. 

Медведев "Акыркы жылдары мамлекет технология тармагына олуттуу кадамдарды таштады, бир катар багыттар боюнча ийгиликтер дагы бар. Бирок, биз дагы деле жогорку технология сферасындагы лидерлерден артта калып жатабыз. Илимий кадрларды даярдоо системасын жакшыртышыбыз керек. Илимий багыттарды, технологиялык ойлоп-табууларды каржылаш үчүн бизнести тартышыбыз зарыл" деп, орустар технологиядан артта калып кеткенине күйүп-бышты. Орус бийлиги келечек технология менен экенин, азыр аракет кылбаса, кеч болуп кала турганын билип жатышат. Европа мамлекеттери, АКШ, Кытай, Япония күн сайын жогорку технологиянын жаңы түрлөрүн ойлоп табып жатат. Бизде "кустуризация" менен өнүгүп кетчүдөй иш жүрүүдө. Дүйнө кандай тездик менен өзгөрүп жатат, технология заманында өлкөнүн келечеги эмне болот деген маселе менен баш ооруткан чиновник бизде дагы бар болду бекен?

Наралы Асанбаев