Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болгондой, ал өз каалоосу менен кызматынан кетти.

Белгилей кетсек, Жаңыл Мамбеталы Бишкек шаардык соттун судьясы болуп иштеп келген. Садыр Жапаров 2013-жылы баш аламандыктарды уюштурду деп айыпталып, 2017-жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасында камакка алынган болчу.

Андан кийин Биринчи май райондук соту Жапаровду "барымтага алуу" беренеси боюнча айыптап, 11 жыл 6 ай мөөнөтүнө эркинен ажыраткан. Мамбеталынын төрагалыгы алдында болгон Бишкектин шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.
 

URL: https://kaktus.kg/2600