Кечээ президент Садыр Жапаров Энергетика жана өнөр-жай министри Доскул Бекмурзаевди кабыл алды.  Жолугушууда министр менен электр энергиясынын тариф саясатын талкуулап, карапайым калкка электр энергиясынын тарифин өзгөртпөй, башкача айтканда азыркы 77 тыйындан эле боло турган болду. Эске сала кетсек президент эл менен жолугушуп жатып, электр энергиясынын тарифин өзгөрбөй турганын айткан. Эми ошол айтканын аткарып, тарифти өзгөртпөй турган болду.