Кечээ, 12-июлда болжол менен саат кечки 8дерде Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүнө караштуу жайлоолордун биринде катуу жааган жамгырдан сел жүргөн. Табият кырсыгы жети кишиден турган бир үй-бүлөнү агызып кеткен. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар соцтармактарга жазышты. 

Маалыматка караганда, беш кишинин сөөгү табылган, ал эми эки кишинин сөөгү изделүүдө. Дайынсыз болуп жаткандардын бири жаш бала. 

Издөө иштерин ӨКМдин Аксыдагы бөлүмүнүн куткаруучулары жана жергиликтүү эл жүргүзүүдө.