Бишкек, “Саясат.kg”. Жөн эле ойлор...

- Кичинекейимде сулуу кыздардын сүрөтүн тартып, кооз көйнөктөрдү кийгизип алып, “Ушундай сулуу болсом ээ?”- деп кыялданар элем. Жашоодо көп сулуу аял көрдүм, бирок сулуунун бактысы дайым эле сулуу боло бербейт экен. Жашоосунда жалгыз жүргөн сулууларды көрүп, “Эркектин көзү кайда?”- дейсиң. Көрсө, алардын жалгыз жүрүшүнүн көп фактору бар экен.
 

1. Айрым аялдар сулуу болушу ыктымал, бирок муздак. Жылдызы жок дейбизби. Мелтейип турат. Кучагына алса, кошо тоңдурчудай. Каймана аты: Снежная королева.
 

2. Супсулуу, жылдыздуу бирок эрки жок болушу да ыктымал экен. Ээрчиткенди эле ээрчип кеткен. Этеги жеңил.

3. Айрым сулууларга даай алышпайт. “Бул мени карабайт да!”- дешет. Кол жеткис болуш керек деп айланып өтүшөт, алыстан сүйүшөт. Айрым духу жетпей калгандар өзүн өзү жооткотуп, Күлүк атка салыштырып, ал тууралуу ар кыл ойлорду айтышат. Бул жанагы мышыктын окуясы да. Майга жетпей мурдун чүйрүгөн. Жыйынтыгында, сулуу кол жеткис бойдон бийикте жалгыз карыйт.
 

4. Дагы бир сулуулардын түрү бар. Алар сулуу экенин билишет. Өзүн жогору жакка чыгарып алып, теңин таппай кыйналышат. Өзүнө татыксызын жуутпай жүрүп, өңү өчүп кеткиче жалгыз жүрүшөт.
 

5. Сулуулар бар. Сулуу экенин билбейт. Өзүн баалабайт. Бааласа да, төмөнкү баа менен баалайт. “Иши кылса”- деген бир эркекти жандап алып, арманда өтөт. Сулуулугун өчүргүч менен өчүргөндөй баркына жетпеген неме өчүрөт. Өңүнөн аздырат.
 

6. Дагы сулуулар бар. Мөлтүрөгөн сулуулугуна тайкы акылы чак келбей калган. Дөөпөрөстүгү келбетин улам - улам жууп турат.
 

7. Акылы да, келбети да төп келгени бар. Аны башка аялдар эркектерге жеткирбей эле жайлап коёт, же эркектерге салып берип атып жайлайт. Кыскасы, кызганыч роль ойноп, тагдырына балта чабат.
 

8. Баары төп келген аял да бар. Сулуулугу, акылына бактысы кошо төп келип, багы ачылганы да бар. Бирок, пайызы аз.
 

9. Сулуу, амалдуу дагы. Сулуу экенин билет анан аны аябай колдонот. Кандай акчалуу "байке " көрсө, чөнтөгүнө төшөгү аркылуу кирет. Жийиркенбейт. Намыс, уятты кончуна ороп тыгып койгон.

Назира Айтбекова, “ФБдагы” баракчасынан