“Ак бата” интернет телеканалынын менеджери Илеш Өмүрзак уулу менен маек 

-  Илеш Өмурзак уулу, сиздер “Ак бата” интернет каналын ачканыңыздар массалык маалымат каражаттарында сөз болууда. Ага кандай материалдар жарыяланат?

 

- “Президент жана бомж-1-2”, “Миллионердин сүйүүсү”,”Москва сүйүүсү”, ”Миллионердин сүйүүсү”,” Төңкөрүш” кинолорубуз жана жаңы тарта баштаган кызыктуу, курч кыска метраждуу тасмаларыбыз жана видео роликтерибиз жалаң биздин “Ак бата” каналыбызда көсөтүлмөкчү.

 

 

- “Президент жана бомж-3” тасмаңар да “Ак бата” каналында көрсөтүлсө керек?

 

- Ооба. Жалаң гана биздин “Ак бата” каналда көрсөтүлөт буйруса.

 

- Качан?

 

- Сентябрь айынын башында.

 

- Башка каналдар көчүрүп көрсөтпөйбү?

 

- Жок. Өчүрүп салабыз. Жалаң биздин каналдан көрсөтүлөт.

 

- Дагы кандай кызыктуу материалдар көрсөтүлмөкчү сиздердин каналдан?

 

- “Ак бата фильм” мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев баш болгон экс-президенттерден жана белгилүү саясатчылардан, Казакстандын, Орусиянын, Турциянын, Европанын көрүнүктүү саясатчыларынан жана маданий ишмерлеринен маектерди жарыяламакчы.

 

- Сиздердин каналга кантип жазылуу керек?

 

- “Ютубка” кирип “Ak-bata produkton” каналын издесеңиз чыгат. Таппай жатсаңыз “Миллионердин сүйүүсү” же “Төңкөрүш” фильм” деп жазса биздин кино чыгат. Анын этегинде “Подписаться” дегенди басса эле жазылат.

 

- Каналдарга жазылсаң болбогон тажатма материалдарды салышып тынчыңды алышат да.

 

- Биз андай кызыксыз, тажатма материалдарды салып убакытты албайбыз. Жалаң кызыктуу, курч видео материалдарды жайгаштырмакчыбыз.

 

- Каналыңыздар качан иштей баштайт?

 

 - Азыр алгачкы кинолорубузду жайгаштырдык. Мындан ары “Президент жана бомж” баш болгон биздин кинолор жалаң биздин каналдан көрсөтүлмөкчү. Август айында каналдын ишин баштап (раскрутка кылып) сентябрдан тартып кызыктуу видео роликтерди киргизе баштоону болжоп турабыз.

 

- “Президент жана бомж-3” тасмасында сиз Айтолкун Кубанычбек кызы экөөңүздөр башкы ролду аткаргансыздар. Киного кандайча келдиңиз? Радж Капур уулун актёр кылгандай сценарист жана продюсер Төлөбеков сизди киного апкелди окшойт.

 

- 2008-жылы атам Төлөбеков Айбек Карымов менен “Сүйүү жана миллион” аттуу кино тартмак болуп, мен башкы ролго даярдалгам. 2012-жылы “Президент жана бомж” тартыла башталганда атам мени президенттин уулунун ролун ойноого чакырды. Андан кийин “Президент жана бомж-2-3” кинолордо президенттин уулунун, “Миллионердин сүйүүсүндө жаш миллионердин жардамчысынын, “Төңкөрүштө” олигархтын уулунун ролун аткардым.

 

- “Ак бата” каналында дүйнөнүн булуң бурчунда жүрүшкөн мекендештерибиздин көйгөйлөрүн, кубаныч-кайгыларын чагылмакчысыздар. Ал үчүн көп мамлекеттердеги мекендештер менен мамилетүзмөкчүсүздөр.

 

- Ооба. Көп мамлекеттердеги мекендештер менен сүйлөшүп жатабыз.

 

Аэлита Сатындиева

Булак: “Майдан.kg газетасы, №30 (367), 15.08.2018-ж.