Жаңылык 

 

- Өмүрзак байке, массалык маалымат каражаттарында сиздин демилгеңиз менен интернет телеканалы ачылганы турганын кабарлашты. Бул каналды ачуу ою кандайча жаралганы, анын максат-мүдөөсү тууралуу айтып берсеңиз.

 

 

- Мындан 3-4 жыл мурда Москвада бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын курултайы өттү. Ошондо мен сунуш киргиздим эле: “Дүйнө жүзүндө жүргөн кыргыздардын телеканалын ачсак” деп. Андай эл аралык телеканал ачуу көп каражатты, түйшүктү талаптаган татаал долбоор болчу. Анын үстүнө заман алмашып, четте жүргөн мекендештерибиз сыналгы (телевизор) деле көрбөй калышты. Интернеттин доораны жүрүп, элдин баары маалыматты телефондон алып калышты. Андыктан жүрө-жүрө интернет телеканал ачуу керектигин аңдадык.

 

Дагы бир маселе. Чет өлкөлөрдө көп жүрүп, ар кайсы мамлекеттерде кесиптештерим менен ой бөлүшөм. Москвадагы “СИВ Медиа” дистрибьютердик компаниясынын жетекчиси, орустун белгилүү кино жана теле продюсери Михаил Москалёв: “Кыргызстандагы, жамаатташ Казакстандагы, Өзбекстандагы кызыктуу жаңылыктарды кыска видеоматериал кылып тартып жөнөтүп турсаңыз Россиянын жана Европанын телеканалдарына сунуштайт элек” деп жүйөөлүү ой айтты.

 

Жакында жаңы чыккан “Президент жана бомж-3” тасмабызды коюп, “Карахан таажысы” көркөм жана “Дүйнөлүк Назарбаев” даректүү тасмаларыбызга эпизоддорду тартуу үчүн Европа, Азия, Американын бир катар мамлекеттерине, Анкара, Прага, Берлин, Париж, Брюссель, Дубай, Пекин, Дели, Вашингтон, Чикаго шаарларына сапар тартууну максат кылганбыз. Бардык шаарлардагы мекендештерибиз тууралуу да тарта келмекпиз.

Мына ушундай бир катар маанилүү кырдаалдардын жыйындысынан улам эл аралык “Ак бата” интернет телеканалын ачуу ою келип чыкты.

 

- “Ак бата” фильмде сиздин сценарийлериңиздин негизинде жана продюсерлигиңиз менен “Президент жана бомж-1-2-3”, “Москва сүйүүсү”, “Миллионердин сүйүүсү”, “Төңкөрүш” өңдүү популярдуу тасмалар тартылды. “Ак бата” интернет теле каналын “Ак бата фильм” уюштурабы?

 

- 1991-92-жылдарда нускасы 15 миң менен “Ак бата” журналын, 1992-94-жылдарда 22 миң менен “Ак бата” гезитин чыгарган элем. Москвага бүткул дүйнөлүк адабият инититутунун жогорку курсунан окуп, эл аралык жазуучулар союзунда иштеп, адабий чөйрөгө кирдим. Жазган чыгармаларымды сценарийлерге айлантып, кийин киного өтүп, 2012-жылы кинокомпания ачканда ага да “Ак бата” ысымын ыйгаргам. Телеканалдын материалдары журналистика менен кино тармагынын бириккен жумушунун натыйжасында даярдалат. Анын үстүнө телеканалга кинокомпания кыска метраждуу тасмаларды жана видеороликтерди даярдап атат. Демек, буга чейинки жумуштарыбыздын түздөн-түз уландысы болгондуктан каналга да көптөн келаткан ак жолтой кадимки “Ак бата” атын ыроолодук.

 

- “Ак бата” каналында демек, дүйнөдө чачылып жүргөн мекендештерибиздин көйгөйлөрү чагылтылат экен да?

 

- Негизинен ушул багытты бутага алганбыз. Бирок, мезгил өзү түзөтүүлөрүн киргизээр. Айтоор, дүйнөдө, өзгөчө, Кыргызстанда болуп жаткан ар түркүн окуялардан, жаңылыктардан кыска, курч, кызыктуу видео материалдарды көрсөтүп туруу болжонууда.

 

- “Ак бата” каналы качан иштеп баштамакчы?

 

- Кудай жол берсе август ичи көп өлкөлөрдө чыгармачылык иш сапарда болмокчубуз. Сентябрь айынан баштап каналды иштетүүгө аракеттенип атабыз.

 

- “Президент жана бомж” элибиздин мыкты тасмасына айланган. Жакындагы “Миллионердин сүйүүсү” жана “Төңкөрүш” тасмаларыңыз да уу-дуу түшүрдү. Эми “Карахан таажысын” Казакстан, Өзбекстан менен биргеликте тартканы жатканыңыздан кабардарбыз.

 

- “Миллионердин сүйүүсү” марттын аягынан бери популярдуу телеканалдарда кайра-кайра көрсөтүлүп, “Ютубда” бир гана “Соло” каналында 2 миллиондон ашык көрүлүп, он миңдеген лайк басылып, миңдеген жакшы пикирлер жазылганы кубантат. Ал эми “Төнкөрүш” 2016-жылдын октябрында тартылып бүтүп, мурдагы бийлик тарабынан тыюу салынып келген. Кийинки учурдагы саясий турмушту курч чагылдырган публицистикалык тасма. “Карахан таажысында болсо, Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Турциянын, Россиянын кино жылдыздары катышмакчы.

 

- Ишиңиздерге, жаңы жакшы саамалыгыңыздарга ийгилик!

 

Маектешкен Аэлита Сатындиева

Булак: “Майдан.kg” гезити, №29 (366), 08.08.2018-ж.