Киножаңылык

 

“Президент жана бомж-3” тасмасы кыска мезгил Бишкекте коюлуп, эми Европа, Турция, Америкада коюлмакчы жана кошумча эпизоддор тартылмакчы.

 

Кинопродюсер Ө.Төлөбеков чет өлкөлөргө сапар алдында ал мамлекеттердеги окуялар тууралуу биздин гезитке маалымат берип турууну убада кылды. Өмүрзак Жолдош уулу ошондой эле чет өлкөлөрдөгү кыргыздар жана боордош Казак эл башы Назарбаев тууралуу даректүү тасмаларды тартып келмекчи.

 

Андан тышкары кинопродюсер “Миллионердин сүйүүсү” тасмасын чет өлкөлөрдүн теле каналдарына сунуштоо боюнча аракеттер жүруп жатканын билдирди.

 

    

 

Булак: "Майдан.kg" гезити