Киносценарист жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков менен маек 

 

- Өмүке, социалдык тармактарда Казакстандык кинопродюсер, режиссёрлор менен түшкөн сүрөттөрүңүз, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан биргелешкен жаңы кино тартууга даярдыктарды баштаганыңыздар кызуу талкууга алынды.

 

- “Караханий таажысы” (жумушчу аталышы. Балким, “Алтын таажы”, же, “Алтын жана сүйүү” дейбиз) тасмасын Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан биргелешип тартууну чечип, даярдык иштерине кириштик. Буйруса, азыр үч өлкөдө кастинг башталды. Негизинен үч өлкөнүн, ошондой эле Турциянын белгилүү кино жылдыздары катышмакчы. Социалдык тармактардагы сүрөттөргө биз Астанада Казакстандагы белгилүү “Астана фильм академиясынын” продюсери жана көркөм жетекчиси Берикхан Төкенов жана режиссёру Жандос Хусаин менен түшкөбүз.

 

- “Караханий таажысы” качан тартыла баштап, элге качан тартууланмакчы?

 

- Жаңы жылдан кийин талкууну баштап, кийинкиге жылган үчүн ортодо биз Кыргызстанда “Президент жана бомж-3тү” тартып кеткенбиз. Эми маселе бышып, ишке кириштик. Бир ай даярдык, актёрлорду тандоо, тартылуучу орундарды белендөө жумуштарын бүтүрүп, Кудай буйруса, 1-июлдан тартып тарта баштоону макулдашуудабыз. Ал эми элге октябрь айында алып чыгуу болжолдонууда.

 

- Үч мамлекет биргелешип тарткан соң бюджети кадыресе болсо керек.

 

- Астанада каржылоочу тараптар кенен акылдаштык. Техникалык жумуштары Америка, Англиядан жасалмакчы. Аларда арийне, баалар жогору. Ошондой эле, эң акыркы үлгүдөгү мыкты техникалар менен тартылмакчы.

 

- Ошондо кино Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын аймагында көрсөтүлөбү?

 

- Ооба. Максат ошондой. Кыргызстанда 6 миллион эл жашаса, Казакстанда 18, Өзбекстанда 32 миллион калк жашайт. Биз кошуна, бир тууган элдер биригип, маданиятыбызды чогуу көтөрүүгө аракеттенишибиз керек. Кино коюлуучу аймагыбыз да кеңийт. Ошон үчүн үч өлкөдөгү кино тартууда, коюуда тажрыйбасы жетиштүү кино компаниялар биригип иштешип жатабыз.

 

- Кинонун сценарийи сиздики да? Аны башка өлкөлөрдөгү кесиптештериңиз жактырдыбы?

 

- Казак кесиптештерим сунуштаган: “Эки элге орток бир кызыктуу сценарий жазсаңыз” деп. Ортодо Өзбекстанда бийлик алмашып, үч мамлекеттин ортосунда саясий, ага улай маданий байланыштар жакшырганынан Өзбекстанды да коштук. Сценарийди октябрдан бери жазып, улам оңдоп, эми биротоло Казак тараптан продюсер, режиссёр, көркөм жетекчи болуп кенен-чонон талкуулап, бекиттик. Эл, жер шартына ылайык туугандар анча-мынча кошумчаларын киргизди. Деги эле кино коллективдүү эмгек. Сопродюсер, режиссёр кошумчаларын киргизет. Ошентип жабылып Кудайым буйруса, үч элге орток алымдуу кино жаратсак деген тилек, ниет менен шымаланып турган чагыбыз.

 

- Үч өлкөдө кастинг башталганын билдирдиңиз. Кыргызстанда да жүрүп жатабы?

 

- Кыргызстанда алтын кен комбинаттын директорун Марат Алышпаев, чет өлкөдө жүргөн мигрантты Аскат Сулайманов, куудул жигитти Нуркат Доктурбеков, дагы бир катар ролдорду кимдер аткараары макулдашылды. Ал эми башкы ролдогу кызды тандап атабыз. 25-26 жаштагы өң-келбеттүү кыз-келиндер караштырылууда.

 

- Кастинг качан, каерде болот? Аны кимдер жүргүзөт? Үч мамлекеттин киночулары чогулуп чечесиздерби?

 

- 0704-00-11-11 (wattsаpp) телефон номерине байланышып сүрөттөрүн, видеолорун жөнөтүшсө болот. Кыргызстандан режиссёр Аскат Сулайманов экөөбүз иргеп, четтеги кесиптештерибизге макулдашабыз. Алар да биз менен макулдашуу аркылуу чечилип турат ар бир актёр.

  •