Киножаңылык 

 

Кыргыз коомчулугуна кеңири таанымал, ал түгүл жамаатташ башка мамлекеттерде да белгилүү “Президент жана бомж” тасмасынын 3-бөлүгү “Ханзаада сүйгөн айылдык кыз” тартылып бүтүп, 3-майдан тарта Бишкек шаарынын “Манас”, “Россия”, “Октябрь”, Ошто “Ак буура” кинотеатрларында көрсөтүлө баштады. Тасманын сценаристи жана продюсери Өмүрзак Төлөбековду кепке тарттык.

 

- Өмүке, элдин калың катмары кызыгуу менен күтүп жаткан “Президент жана бомж-3” кинону тартып бүтүп, эл сынына койгону турасыздар. Бул жолу кыргыз коомчулугу кандай жаңылыктарга күбө болмокчу?

 

- “Президент жана бомж-1-2” чындыгында эле эл арасында чоң уу-дуу жараткан белгилүү тасмалардан болуп калганына Кудайга жана элиме миң мертебе ыраазылык! Буйруса, 3-бөлүгүн тартып бүтүп, жумурай журтка сунуштап, кинотеатрларда көрсөтүлүп жатат. Арийне, бул тасмабыз да өз өзгөчөлүгү менен калкты маашыр кылаарына ишенебиз. Саясат тууралуу, деги эле турмуштук курч эпизоддор жыш. Кыскача мазмунундагы айрым ойлорду, сөздөрдү келтире кетсем: vурдагы премьер-министр, шайлоодо жеңилген башкы атаандашы жаңы президентти жок кылууга тапшырма берет. “Авария кылып... Атып салып... Грубо эмес... Тамагына уу кошуп... “Давлениеси көтөрүлдү”, “Тамакка ууланды” деп жыйынтык чыгаргыдай жайлагыла!” десе, ишенимдүү жөкөрү: “Кам санабаңыз. Канча оппозиционерлерди “Жүрөгү токтоп калды” деп жоготтук го” дейт.

 

Мурдагы президент уулу менен мүрзөгө келип ата-апасына куран түшүрүп, жан сырын бөлүшөт. “Элге, мамлекетке күйгөн патриот көрүнүшөт да ары барышып жабыла элдин, мамлекеттин байлыгына кол салышат. Ушундай адилетсиз система түзүлүп калыптыр”,- дейт.

 

Мурдагы президенттин уулу атасы менен айылга барып атасы жаш кезде сүйгөн кызынын небереси менен таанышып, экөөнүн ортосунда ысык сезим жаралат. Ага кызга көз салып жүргөн айыл өкмөтүнүн баласы каршы чыгып, катуу күрөш жүрөт.

 

Москвада жүргөн мигранттардын сүйүү, ажырашуу окуялары баяндалат.

 

- Президентке уу беришеби?

 

- Ооба. Бирок, этеги кандай болоорун кинодон көрөөрсүздөр.

 

- “Президент жана бомждо” президентти айрымдар Акаевге, дагы бирлери Бакиевге салыштырышты эле. Жаңы президенттин прототиби бүгүнкү мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков эмеспи?

 

- Жаңы мамлекет башчысы коррупцияны жоюп, өлкөнү көтөрүүгө аракеттенгени менен окшошот. Бирок, окуя башкача нукта өнүгөт. Деги эле тасмабызда саясатка караганда жаштардын сүйүүсү жана кайгысы, турмуштук көйгөйлөр басымдуулук кылат.

 

- Сиз тарткан тасмалар бийликтегилерди безге сайып чуу жаратчу эле. Бул жолу деле ошондой болсо керек?

 

- Ачуу чындыкты таамай айтсаң арийне, ызы-чуу менен коштолот. Бирок, Кудайга шүгүр, биздин тасмалар эл тарабынан колдоого алынып, канча жылдардан бери телеканалдардан түшпөй, улам кайталанып көрсөтүлүп келатат. Айрым башка өлкөлөрдөгүлөр көрүп алышып, “ушундай курч кинолорду көрсөткөн силерде демократия күчтүү экен” деп тен беришет.

 

- “Президент жана бомж-3” башка мамлекеттерде көрсөтүлөөрүн жар салдыңыз эле?

 

- Кудайым буйруса, көптөгөн мамлекеттерде көрсөтмөкчүбүз. Виза татаалчылыгынан улам Америкада көрсөтүү мезгили бир аз созулуп калды. 10-майдан кийин Астанада, Москвада, Стамбулда көрсөтүүнү болжоп турабыз.

- Москвада, Стамбулда тартылса керек эле?

 

- Ооба.

 

- Пираттар уурдап, интернетке чыгып кетип ызы-чуу чыкчу эле. Кайтарып көрсөтсөңүздөр керек эми?

 

- Уурдап дискке чыгарышып акча жасашчу. Азыр диск менен көрбөй калышты. Ошондуктан андай уурулук токтоду. Буйруса 1-2 жыл кайтарып кинотеатрларда көрсөтмөкчүбүз.

 

- “Интернеттен көрүп алабыз” деп кинотеатрларга барышпайт го көптөр.

 

- Кино чоң каражат менен тартылат. Эл кинотеатрларга барып билет сатып алганда тасма тарткандар каражатын кайтарышып, кийинки киного мүмкүнчүлүк түзүлөт. Экинчиден, жан дүйнөсү бай киши турмуштук ызы-чуудан алаксып, чоң экрандан маданий күчтүү азык алат. Бизде жаңы кинолорду жалаң кинотеатрлардан көргөн калың катмар түзүлгөн.

 

- “Президент жана бомж-3: Ханзаада сүйгөн айылдык кыз” тасмасы элди уу-дуу түшүрүп, Кыргыздын жаңы мыкты киносуна айланаарына тилек кошолу.

 

- Чооң рахмат! Тасмадан жолугалы!

 

   

 

Аэлита Сатындиева

Булак: “Майдан.kg