Кыргыз коомчулугуна кеңири таанымал, ал түгүл жамаатташ башка мамлекеттерде да белгилүү “Президент жана бомж” тасмасынын 3-бөлүгү “Ханзаада сүйгөн айылдык кыз” Бишкекте, эми Москвада тартылып бүттү. 

 

13-15-апрелде Стамбулда, Вашингтондо акыркы кыска эпизоддору тартылмакчы. Дээрлик 95 пайызы тартылып, азыркы учурда монтаждоо жумушу кызуу жүрүп жаткан чак.

 

Москвада кыргыз мигранттарынын турмушу тууралуу жана жаңы шайланган президенттин өкүлүнүн жаштар менен жолугушуу эпизоддору ийгиликтүү тартылганын тасманын продюсери Өмүрзак Төлөбеков билдирди.

 

“Президент жана бомж-3. Ханзаада сүйгөн айылдык кыз” тасмасы 20-апрелден тартып Америкада бет ачаары өткөрүлүп, 3-майдан тартып Кыргызстандын кинотеатрларында көрсөтүлө баштамакчы.

 

Саясат, турмуш, сүйүү, миграция тууралуу курч фильм элде чоң кызыгуу жаратып, тасма уу-дуу болгону турат. “Президент жана бомж-1-2”, “Москва сүйүүсү”, “Миллионердин сүйүүсү” көркөм, “Дүйнөлүк Назарбаев” даректүү тасмаларын дүнгүрөткөн белгилүү жазуучу жана кино продюсер Төлөбековдун бул жаңы чыгармасы кыргыз киносунда кезектеги жаңылык жасаарлыгында шек жок.

 

Тасмага таанымал кино актёрлор Марат Алышпаев экс-президенттин, Асхат Сулайманов жаңы президенттин, Шаршен Шейшеев экс-премьер-министрдин, Тимур Маматкулов премьр-министрдин, Нурзат Токтосунова экс-президенттин кызынын, Эгемберди Чалабаев экс-премьер-министрдин жардамчысынын, Жамила Сыдыкбаева экс-президенттин бала кездеги сүйгөн кызынын, Эшенкул Барпиев мигранттын, жаш таланттар Айнура Исмаилова Америкадагы мигранттын келинчегинин, Нуркат Догдурбеков куудул мигранттын, Илеш Өмүрзак уулу экс-президенттин уулунун, Толкунай Кубанычбек кызы ханзаада сүйгөн айылдык кыздын ролунда тартылышты.

 

     

 

Аэлита Сатындиева

Булак: "Майдан.kg"