Бишкек, “Саясат.kg”. Президент жана бомж - 3: ханзаада сүйгөн айылдык кыз” тасмасынын 90 пайызы тартылып бүттү. Бул тууралуу аталган тасманын уюштуруучусу (администратору) Күмүш Назарова билдирди. 

 

Аталган тасма аталышында саясат жыттанганы менен, белгилүү фильмдин биринчи жана экинчи бөлүктөрүнөн айырмаланып, мында жаштардын сүйүүсү жана кайгысы, турмуштук курч эпизоддорго басым жасалган.

 

К.Назарованын айтымында, тасманын 90 пайызы кыргыз жергесинде тартылды, эми Москва, Анкара, Вашингтондо финалдык эпизоддору тартылат.

 

Эске салсак, “Президент жана бомж-3” тасмасынын сценарийин Өмүрзак Төлөбеков жазган. Бул инсанга таандык “Миллионердин сүйүүсү” тасмасы “Youtube” колдонуучулар тарабынан кызуу кабыл алынып, бир айга жетпеген убакытта аны 1 миллиондон ашык адам көргөн.