Тасманын уюштуруучусу Күмүш Назарова менен маек
- Күмүш айым, “Президент жана бормж-3” тасмасына уюштуруучу (администратор) болуп катышып атасыз. Кино дүйнөсу кандай экен?
- Бул мен киного катышкан биринчи окуя. Кино абдан кызыктуу экен. Мага өтө жакты. Буйруса, дагы кино тармагында эмгектенгим келип калды.
- Кыйынчылыктар болдубу?
- Кыйынчылыктар күн сайын кездешти. Менин башкы милдетим кино жаратуучу топту даярдап, тартылуучу орун, жайларды даярдоо. Күтүлбөгон моменттер көп болот экен. Бирок, тажрыйбаплуу кино ишмерлер көмөк, жол көрсөтүп турушту.
- Кыргызстандагы эпизоддорун тартып бүтүпсүздөр. Эми чет өлкөлөргө барууга даярданып аткан турбайсыздарбы?
- Ооба. Москвага, Анкарага, Вашингтонго барып тартмакчыбыз.
Азамат Газиев
Булак: “Майдан.kg” гезити